# КР 2015-жылдын 6-февралындагы № 31 "Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 6-февралындагы № 31 "Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 31
- Кабыл алынган күнү: 06.02.2015
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205440>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5191/edition/613544/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205440.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2015-жылдын 6-февралындагы № 31 "Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Мыйзамы (12.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205440

---

КР 2025-жылдын 12-августундагы N 198 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2015-жылдын 6-февралы № 31 "Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205440/st-1)

"Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 7, 252-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:

1. 1-статья төмөнкүдөй мазмундагы 4-1 жана 4-2-пункттар менен толукталсын:

"4-1. Инвестициялык макулдашуу - бул инвестордун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, юридикалык жана жеке жактардын ортосунда түзүлүүчү, инвестициялык долбоорду ишке ашыруу тартибин аныктоочу келишим. 4-2. Инвестициялык долбоор - инвестициялык макулдашуунун негизинде жүзөгө ашырылуучу, белгилүү бир мезгилде белгиленген натыйжага жеткенге чейин инвестицияларды ишке ашырууну караган иш-чаралардын жана документтердин комплекси.".

2. 2-глава төмөнкүдөй мазмундагы 11-1-статья менен толукталсын:

"11-1-статья. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан түзүлүүчү инвестициялык макулдашуу

1. Эгерде инвестициялык долбоорду ишке ашыруунун демилгечиси болуп инвестор чыккан учурда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү экономиканын артыкчылыктуу тармактарындагы жана социалдык чөйрөдөгү мамлекеттик өнүктүрүү программаларына ылайык инвестициялык долбоорду ишке ашыруу үчүн инвестициялык макулдашууну түзүүгө укуктуу. Эгерде инвестициялык долбоорго инвестор тарабынан жүзөгө ашырылуучу инвестициялардын суммасы 50 миллион АКШ долларынан кем эмести түзгөн жана инвестор жалпы таанылган эл аралык иштиктүү беделге, иш-аракеттин окшош чөйрөсүндө долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашыруунун уникалдуу билимдерине жана тажрыйбасына ээ болгон шартта, инвестициялык макулдашуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана инвестордун ортосунда тикелей сүйлөшүүлөр жолу менен түзүлүшү мүмкүн.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана инвестордун ортосунда түзүлгөн инвестициялык макулдашуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралбаган жеңилдиктерди жана преференцияларды берүүнү белгилей албайт.

3. Ушул статьянын жоболору Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин түзүүдө колдонулбайт.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205440/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А. Атамбаев
