# 14-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын айрым Мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205437)
- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 12-январындагы № 1 "Кыргыз Республикасынын айрым Мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 01
- Кабыл алынган күнү: 12.01.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.01.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205437/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5189/edition/611935/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.01.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын айрым Мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 14-берене (12.01.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205437/st-14

---

төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "14-берене. Алкоголдук продукцияларды сатууну жүзөгө ашыруучу адамдардын сатып алуучулардан инсандыгын ырастаган документтерди көрсөтүүсүн талап кылуу милдети Алкоголдук продукцияларды сатууну жүзөгө ашыруучу адамдар жашы болжолдуу 18 жашка жетпеген адамдарга карата төмөнкүгө милдеттүү:

- сатып алуучунун жашын аныктоо максатында инсандыгын ырастоочу документтерди, - жарандын паспортун (ID карта) же аны алмаштыруучу документти көрсөтүүнү талап кылууга. Паспортту алмаштыруучу документтерге аскер кызматчысы экендигин аныктаган офицердик ырастама, мөөнөттүү кызмат өтөгөн аскер кызматчысынын аскердик билети, айдоочулук ырастамасы кирет;

- инсандыгын ырастаган документтерин көрсөтпөгөн учурда аларга алкоголдук продукцияларды сатуудан баш тартууга;

- алкоголдук продукцияларды саткан жерлерге 18 жашка толбогон адамдарга, инсандыгын ырастоочу документтери жок адамдарга алкоголдук продукцияларды сатууга тыюу салуу жөнүндө, алкоголдук продукцияларды пайдалануунун зыяндуулугу жөнүндө маалыматтарды жайгаштырууга.

Ушул берененин жоболорун бузуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке алып келет.".

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205437/st-1)  
Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205437/st-2)
