# 99-берене. Бажылык жол-жобонун аракеттеринин аякташы

- Документ: [Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Документтеги орду: 17-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 31-декабрындагы № 184 "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 184
- Кабыл алынган күнү: 31.12.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.04.2019
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 апреля 2019 года № 52 "О таможенном регулировании"](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-99>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5188/edition/947645/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205436/st-99.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.04.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 99-берене (24.04.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-99

---

1. Бажы кампасынын бажылык жол-жобосунун аякташынын мөөнөтү жана тартиби Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 236-беренесинде аныкталган.

2. Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 186-беренесине ылайык декларант катары чыга ала турган кайсы жак болбосун бажы кампасынын бажылык жол-жобосунун аракеттерин аяктоо (токтотуу) зарыл болгон бажы операцияларын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Бажы бирлигинин бажы мыйзамдарына ылайык токтотууга укуктуу.

3. Бажы кампасында сакталып турган товарларга карата жок кылуунун бажылык жол-жобосу бажы кампасынын ээси тарабынан билдирилиши мүмкүн.

4. Мурда убактылуу алып келүүнүн бажылык жол-жобосуна киргизилген товарларды ушул жол-жобого ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында андан ары пайдалануу максатында аларды бажы кампасынан чыгарууда убактылуу алып келүү мөөнөтүнүн өтүшү кайра жаңыртылат. Аталган товарларды ички керектөө үчүн чыгаруунун бажылык жол-жобосу менен чыгарууда, төлөнүүгө жатуучу бажы алымдарынын, салыктарынын суммаларын эсептөө Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 283-беренесине ылайык жүргүзүлөт.

5. Бажы кампасында сактап тургандан кийин ички керектөө үчүн чыгаруунун бажылык жол-жобосуна киргизилүүчү товарларга карата бажылык алымдарын, салыктарын эсептөө Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 238-беренесинде аныкталган өзгөчөлүктөрдү эсепке алуу менен жүргүзүлөт.

---

Мурунку берене: [98-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-98)  
Кийинки берене: [100-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-100)
