# 97-берене. Бажы кампасынын ээсинин милдеттери жана жоопкерчилиги

- Документ: [Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Документтеги орду: 17-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 31-декабрындагы № 184 "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 184
- Кабыл алынган күнү: 31.12.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.04.2019
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 апреля 2019 года № 52 "О таможенном регулировании"](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-97>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5188/edition/947645/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205436/st-97.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.04.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 97-берене (24.04.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-97

---

1. Бажы кампасынын ээси төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) кампада турган товарларды бажы контролун кыйгап өтүп кампадан алып коюу мүмкүнчүлүгүн болтурбоого;

2) бажы кампаларынын ээлеринин реестрине киргизүү шарттарын сактоого;

3) бажы кампасында сакталып турган товарларга бажы органдарынын кызматкерлеринин жете алуусун камсыз кылуу жана бажы контролун камсыз кылуу максатында аталган кызматкерлерге орун-жайларды, жабдууларды жана байланыш каражаттарын акысыз берүү боюнча Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кызматкерлеринин талаптарын аткарууга;

4) ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган учурларда бажы алымдарын, салыктарын төлөөгө;

5) кампада сакталып турган товарлардын эсебин алууга жана ал товарлар жөнүндө Кыргыз Республикасынын бажы органдарына отчет берүүгө.

2. Бажы кампасынын ээси төмөндөгүлөр үчүн жоопкерчилик тартат:

1) товарлар жоголгон же аларды Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын уруксатысыз берген учурларда бажы төлөмдөрүн төлөө үчүн;

2) бажылык жол-жобонун талаптарын аткарбагандыгы, ошондой эле бажы алымдарын жана салыктарды төлөө үчүн.

---

Мурунку берене: [96-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-96)  
Кийинки берене: [98-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-98)
