# 95-берене. Бажы кампаларынын типтери

- Документ: [Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Документтеги орду: 17-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 31-декабрындагы № 184 "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 184
- Кабыл алынган күнү: 31.12.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.04.2019
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 апреля 2019 года № 52 "О таможенном регулировании"](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-95>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5188/edition/947645/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205436/st-95.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.04.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 95-берене (24.04.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-95

---

1. Бажы кампалары ачык жана жабык типте болушу мүмкүн.

Эгерде бажы кампалары ар кандай товарларды сактоо үчүн жана товарларга карата ыйгарым укуктарга ээ болгон ар кандай жактардын колдонуусу үчүн арналса, ачык типтеги кампалар болуп эсептелинет. Эгерде бажы кампалары кампа ээсинин же бул кампаны түзүүдө кампа ээси аныктаган айрым жактардын товарларын сактоого арналса, жабык типтеги кампалар болуп саналат.

2. Жабык типтеги бажы кампалары арыз берүүчүнүн жабык типтеги кампаны уюштуруунун максатка ылайыктуулугун негиздеген жүйөлөнгөн кайрылуусу боюнча уюштурулушу мүмкүн. Жабык типтеги бажы кампасында сакталуучу товарлардын тизмегин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.

3. Ачык жана жабык типтеги бажы кампалары сактоонун өзгөчө шартын талап кылган же башка товарларга зыян келтириши мүмкүн болгон товарлардын айрым категорияларын сактоо үчүн пайдаланылышы мүмкүн (адистешкен бажы кампалары).

---

Мурунку берене: [94-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-94)  
Кийинки берене: [96-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-96)
