# 94-берене. Бажы кампасынын бажылык жол-жобосуна киргизилген товарлар менен жүргүзүлүүчү операциялар

- Документ: [Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Документтеги орду: 17-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 31-декабрындагы № 184 "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 184
- Кабыл алынган күнү: 31.12.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.04.2019
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 апреля 2019 года № 52 "О таможенном регулировании"](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-94>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5188/edition/947645/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205436/st-94.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.04.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 94-берене (24.04.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-94

---

1. Бажы кампасынын бажы жол-жобосуна киргизилген товарлар менен жүргүзүлүүчү операциялардын тизмеги Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 232-беренесинде аныкталган.

2. Эгерде Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 232-беренесинин 2-пунктуна ылайык Бажы кампасынын бажы жол-жобосуна киргизилген товарлар менен операцияларды жүргүзүүгө Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын уруксаты талап кылынса, мындай уруксат кызыкдар жактын жазуу жүзүндөгү кайрылуусунун негизинде, кайрылган күнү берилет. Уруксат өзүнчө документ катары жазуу жүзүндө же болбосо кызыкдар жактын жазуу түрүндөгү кайрылуусуна Кыргыз Республикасынын бажы органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын тийиштүү түрүндө берилет. Эгерде товарлар менен жүргүзүлгөн операциялардын натыйжасында товарлардын мүнөздөмөлөрү тышкы ишкердиктин Товардык номенклатурасы боюнча товарлардын классификациясына туура келбегендей таризде өзгөрүп кетсе, уруксат берүүдөн баш тартууга жол берилет.

3. Товардын үлгүсү бир айдын ичинде бажы кампасына кайтарылып берилген учурларды кошпогондо, чет өлкөлүк товарлардын тандап алынган сынамыктарына жана үлгүлөрүнө карата алганда ички керектөө үчүн чыгаруунун бажылык жол-жобосуна ылайык, алар боюнча алып келүүдөгү бажы алымдары, салыктар төлөнүүгө тийиш.

---

Мурунку берене: [93-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-93)  
Кийинки берене: [95-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-95)
