# 92-берене. Товарларды бажы кампасына иш жүзүндө койбостон бажы кампасынын бажылык жол-жобосуна киргизүүнүн шарттары

- Документ: [Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Документтеги орду: 17-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 31-декабрындагы № 184 "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 184
- Кабыл алынган күнү: 31.12.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.04.2019
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 апреля 2019 года № 52 "О таможенном регулировании"](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-92>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5188/edition/947645/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205436/st-92.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.04.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 92-берене (24.04.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-92

---

1. Сырт өлчөмүнүн чоң болгондугуна байланыштуу, бажы кампасына коюуга мүмкүн болбогон товарларды бажы кампасына иш жүзүндө койбостон, бажы кампасынын бажы жол-жобосуна киргизүүгө, бажы органынын жазуу жүзүндөгү уруксаты болгон жана бажы алымдарынын, салыктарынын төлөнүшү ушул Мыйзамдын 40-главасында белгиленген тартипте камсыздалган учурда жол берилет.

2. Декларант уруксат алуу үчүн, бажы кампасынын бажылык жол-жобосуна киргизүүдөн кийин, бажылык декларацияны алганга чейин товарлардын сакталышын ишке ашыруу болжолдонгон региондо иш-аракет жүргүзүүчү Кыргыз Республикасынын бажы органына арыз менен кайрылат. Кайрылууда декларант товарлардын аталышын жана алардын мүнөздөмөсүн, товарды бажы кампасына койбостон бажы кампасынын бажылык жол-жобосуна киргизүүнүн себептерин, товарларды сактоонун так ордун анын почталык дареги менен кошо, ошондой эле товарлардын сакталышы үчүн декларант көрүүчү чаралар көрсөтүлөт.

3. Кыргыз Республикасынын бажы органы товарларды бажы кампасынын бажы жол-жобосуна киргизүүгө уруксат берет же декларант Кыргыз Республикасынын бажы органына кайрылган күндөн тартып, үч жумуш күндүн ичинде мындай уруксат берүүдөн баш тартат. Уруксат берүүдө товарларды сактоонун орду, бажы төлөмдөрүн төлөөнү камсыздоонун зарылдыгы тууралуу маалыматтар көрсөтүлөт.

4. Кыргыз Республикасынын бажы органы төмөнкүдөй учурларда гана уруксат берүүдөн баш тартат:

1) бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча карыздар болгондо;

2) жак Кыргыз Республикасынын бажы органына кайрылган күнгө чейин бир жылдын ичинде эки же андан көп жолу бажы ишинин чөйрөсүндө администрациялык укук бузуулар үчүн администрациялык жоопко тартылганда.

5. Товарларды бажы кампасына иш жүзүндө койбостон бажы кампасынын бажылык жол-жобосуна киргизген жак Кыргыз Республикасынын бажы органдарына бул Мыйзамдын 260-беренесине ылайык товарлар жөнүндө отчет берүүгө милдеттүү.

---

Мурунку берене: [91-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-91)  
Кийинки берене: [93-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-93)
