# 9-берене. Маалыматтык системаларды, маалыматтык технологияларды жана алардын камсыздоо каражаттарын колдонуу

- Документ: [Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 31-декабрындагы № 184 "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 184
- Кабыл алынган күнү: 31.12.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.04.2019
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 апреля 2019 года № 52 "О таможенном регулировании"](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5188/edition/947645/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205436/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.04.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 9-берене (24.04.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-9

---

1. Ушул Мыйзамда каралган бажы операцияларын жүргүзүү маалыматтык тутумдарды жана маалыматтык технологияларды, анын ичинде маалыматтарды берүүнүн электрондук ыкмаларына негизделген тутумдарды жана технологияларды, ошондой эле алардын камсыздоо каражаттарын пайдалануу менен, ушул главага ылайык жүзөгө ашырылат.

2. Бажы ишинде маалыматтык тутумдарды жана маалыматтык технологияларды пайдалануу Кыргыз Республикасынын бажы органдары жана тышкы экономикалык иш-аракеттин катышуучулары үчүн экономикалык жактан пайдалуу жана натыйжалуу болууга тийиш.

3. Эсептөө техникасынын жана байланыштын каражаттарын пайдалануу менен маалыматтык тутумдарды жана маалыматтык технологияларды киргизүү тиешелүү эл аралык стандарттарды эске алуу менен жүргүзүлөт.

4. Кыргыз Республикасынын бажы органдары тарабынан иштелип чыккан жана өндүрүлгөн же алар тарабынан мыйзамдуу негизде сатып алынган маалыматтык тутумдар, маалыматтык технологиялар, ошондой эле аларды камсыздоо каражаттары мамлекеттик менчикте болот жана Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын мүлкүнүн курамына кирет, алар аталган продукцияларга карата өз компетенциясынын чектеринде менчик укугун жүзөгө ашырат.

5. Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын үчүнчү жактардын менчигинде турган маалыматтык тутумдарды, маалыматтык технологияларды жана алардын камсыздоо каражаттарын пайдаланууга байланышкан мамилелери келишимдик негизде жүргүзүлөт.

6. Бажы ишинде колдонулуучу, үчүнчү жактардын менчигинде турган маалыматтык тутумдар, маалыматтык технологиялар жана алардын камсыздоо каражаттары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген талаптарга ылайык келүүгө жана Кыргыз Республикасынын бажы органдары бажы операцияларын жүргүзүүдө пайдалануучу ушундай продукцияларга шайкеш келүүгө тийиш.

7. Маалыматтык тутумдарды, маалыматтык технологияларды, ошондой эле алардын камсыздоо каражаттарын бажы максаттары үчүн пайдалануу мүмкүнчүлүгү, бул продукцияны колдонуунун тартиби жана шарттары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

---

Мурунку берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-8)  
Кийинки берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-10)
