# 88-берене. Жүктү түшүрүү, кайра жүктөө (которуп жүктөө) жана товарлар менен болгон башка жүк операциялары, ошондой эле бажы транзити учурунда эл аралык ташуунун транспорттук каражаттарын алмаштыруу

- Документ: [Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Документтеги орду: 16-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 31-декабрындагы № 184 "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 184
- Кабыл алынган күнү: 31.12.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.04.2019
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 апреля 2019 года № 52 "О таможенном регулировании"](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-88>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5188/edition/947645/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205436/st-88.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.04.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 88-берене (24.04.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-88

---

Бажы транзитинин бажылык жол-жобосуна ылайык ташылуучу товарлар боюнча жүктү түшүрүү, кайра жүктөө (которуп жүктөө) жана башка жүк операцияларын жүргүзүүгө, ошондой эле мындай товарларды ташуучу, эл аралык ташуунун транспорттук каражаттарын алмаштырууга Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 222-беренесинде белгиленген учурларда, жөнөтүүчү бажы органынын же иш регионунда тиешелүү жүк операциялары жүзөгө ашырылуучу бажы органынын уруксаты менен жол берилет.

---

Мурунку берене: [87-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-87)  
Кийинки берене: [89-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-89)
