# 8-берене. Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын тышкы экономикалык иш-аракеттин катышуучулары жана башка уюмдар менен мамилелери

- Документ: [Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 31-декабрындагы № 184 "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 184
- Кабыл алынган күнү: 31.12.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.04.2019
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 апреля 2019 года № 52 "О таможенном регулировании"](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5188/edition/947645/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205436/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.04.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 8-берене (24.04.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-8

---

1. Кыргыз Республикасынын Бажы бажылык тариздөөнү жана бажылык контролду жүргүзүүнүн кыйла натыйжалуу усулдарын киргизүү, ошондой эле тышкы сооданы өнүктүрүүгө көмөктөшүүгө багытталган башка маселелерди чечүү жагында кызматташуу жана биргелешип аракеттенүү максатында органдары тышкы экономикалык иш-аракеттин катышуучулары, жүк ташуучулар жана иш-аракети товарлар менен тышкы соода жүргүзүүгө байланышкан башка уюмдар жана алардын кесиптик бирикмелери (ассоциациялары) менен консультациялык мүнөздөгү расмий мамилелерди карманат.

2. Бажы операцияларын жүзөгө ашыруунун кыйла натыйжалуу усулдарын киргизүү жагында, ошондой эле тышкы соода жүргүзүүнү өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүгө багытталган башка маселелерди чечүү жагында кызматташуу жана өз ара аракеттешүү төмөнкүдөй формаларда жүзөгө ашырылат:

1) Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларынын, Бажы бирлигинин бажы мыйзамдарынын актыларынын долбоорлорун иштеп чыгууга катышуу;

2) Кыргыз Республикасынын аймагында тышкы экономикалык иш-аракеттин, анын ичинде экономиканын айрым тармактарынын өнүгүүсүнүн финансылык, экономикалык, социалдык жана башка көрсөткүчтөрүн талдоого катышуу;

3) бажылык администрациялоо чараларын колдонуунун натыйжалуулугун баалоого катышуу;

4) бажы ишин өркүндөтүү жөнүндө сунуштарды Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары үчүн даярдоо.

---

Мурунку берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-7)  
Кийинки берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-9)
