# 79-берене. Бажылык жол-жобого киргизилген товарларды алып коюунун (камак салуунун) натыйжалары

- Документ: [Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Документтеги орду: 13-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 31-декабрындагы № 184 "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 184
- Кабыл алынган күнү: 31.12.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.04.2019
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 апреля 2019 года № 52 "О таможенном регулировании"](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-79>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5188/edition/947645/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205436/st-79.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.04.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 79-берене (24.04.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-79

---

1. Бажы бирлигине мүчө мамлекеттердин мыйзамдарына ылайык, Бажылык жол-жобого киргизилген товарларды алып коюу же мындай товарларга камак салуу учурунда, бул товарларга карата бажылык жол-жобонун аракети токтотулат.

Эгерде товарларды алып коюудан же камак салуудан баш тартуу боюнча чечим кабыл алынса, бажылык жол-жобонун аракети кайра улантылат. Бажылык жол-жобонун аракети кайра улантылган учурда, төлөнүшү жана эсептелиши ушул бөлүмгө ылайык аныкталган пайыздар, бажылык жол-жобонун аракети токтотулган мезгил үчүн эсептелбейт жана төлөнбөйт.

2. Бажылык жол-жобого киргизилген товарларды соттун чечими боюнча конфискациялоодо же мамлекеттин мүлкүнө кайрып алууда, бул товарларга карата бажылык жол-жобонун аракети токтотулат, ал эми конфискацияланган же мамлекеттин мүлкүнө кайрып алынган чет элдик товарлар Бажы бирлигинин товарларынын статусуна ээ болот.

3. Эгерде жактын администрациялык же кылмыш-жазалык жоопкерчиликке тартылышы анын бажылык жол-жобону сактабай койгондугу менен байланышкан болсо жана сактабоого жол берүү бул бажылык жол-жобону мындан ары колдонууга мүмкүнчүлүк бербесе, бажылык жол-жобонун аракети жакты жоопкерчиликке тартуу боюнча тиешелүү чечим күчүнө кирген күндөн кийинки он беш календардык күндүн ичинде токтотулушу зарыл.

Ушул бөлүктүн биринчи абзацына ылайык, бажылык жол-жобосунун иш-аракети токтотулбаган товарлар Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 21-главасына ылайык Кыргыз Республикасынын бажы органдары тарабынан кармалып турат.

---

Мурунку берене: [78-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-78)  
Кийинки берене: [80-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-80)
