# 76-берене. Товарларды бажылык жол-жобого киргизүү

- Документ: [Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Документтеги орду: 13-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 31-декабрындагы № 184 "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 184
- Кабыл алынган күнү: 31.12.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.04.2019
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 апреля 2019 года № 52 "О таможенном регулировании"](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 6 июня 2017 года № 99 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О таможенном регулировании в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/111610)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/205436#diff=947645..947646>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-76>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5188/edition/947645/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205436/st-76.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.04.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 76-берене (24.04.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-76

---

1. Кыргыз Республикасынын аймагына киргизилген товарлар, төмөнкүдөй товарларды кошпогондо, Бажы бирлигинин бажы мыйзамдарында жана ушул Мыйзамда каралган тартипте жана шарттарда бажылык жол-жобонун бирине киргизилүүгө тийиш:

1) Бажы бирлигинин бажы аймагында (Бажы бирлигине мүчө мамлекеттин аймагында) чыгарылган;

2) Бажы бирлигинин аймагында чыгарылган товарлардан даярдалган же Бажы бирлигине мүчө мамлекеттердин аймактарында ички керектөө үчүн чыгарылган.

2. Кыргыз Республикасынын аймагынан алып кетилүүчү товарлар, эгерде алар ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте жана шарттарда Бажы бирлигинин бажылык аймагынын чегинен сырткары чыгарууга арналса, бажылык жол-жобонун бирине киргизилүүсү керек.

3. Товарлар бажылык жол-жобого киргизилген күн болуп, Кыргыз Республикасынын бажы органы товарды ушул Мыйзамга ылайык чыгарган күн эсептелет.

(КР 2017-жылдын 6-июнундагы № 99 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [75-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-75)  
Кийинки берене: [77-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-77)
