# 74-берене. Бажылык жол-жоболордун түрлөрү

- Документ: [Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Документтеги орду: 13-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 31-декабрындагы № 184 "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 184
- Кабыл алынган күнү: 31.12.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.04.2019
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 апреля 2019 года № 52 "О таможенном регулировании"](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-74>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5188/edition/947645/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205436/st-74.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.04.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 74-берене (24.04.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-74

---

1. Бажылык жөнгө салуу максаттарында товарларга карата бажылык жол-жобосунун төмөнкү түрлөрү белгиленет:

1) ички керектөө үчүн чыгаруу;

2) экспорт;

3) бажы транзити;

4) бажы кампасы;

5) бажы аймагында кайра иштетүү;

6) бажы аймагынан сырткары кайра иштетүү;

7) ички керектөө үчүн кайра иштетүү;

8) убактылуу алып келүү; (уруксат кылуу);

9) убактылуу алып кетүү;

10) реимпорт;

11) реэкспорт;

12) алымсыз соода-сатык;

13) жок кылуу;

14) мамлекеттин пайдасына баш тартуу;

15) эркин бажы зонасы;

16) эркин кампа;

17) атайын бажылык жол-жобо (бажылык максаттар үчүн Бажы бирлигинин бажы аймагында же анын чегинен сырткары товарлардын айрым категорияларын пайдалануунун жана (же) башкаруунун талаптарын жана шарттарын аныктаган бажылык жол-жобо).

2. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 15 жана 16-пункттарында көрсөтүлгөн бажылык жол-жобону белгилөө жана колдонуу боюнча укуктук мамилелер, эркин кампаны жана эркин бажы зонасын ыңгайлаштырууга, жабдууга жана алардын иштөөсүнө карата коюлган талаптар, эркин кампанын ээсинин милдеттери, эркин кампанын ээси катары ишкердикти жүзөгө ашыруунун шарттары, эркин кампанын жана эркин экономикалык зонанын бажылык жол-жобого киргизилген товарлар жана (же) эркин кампада же эркин экономикалык зонада турган товарлар менен операцияларды жүргүзүүнүн айрым маселелери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан Бажы бирлигине мүчө мамлекеттердин эл аралык келишимдерине ылайык аныкталат.

---

Мурунку берене: [73-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-73)  
Кийинки берене: [75-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-75)
