# 73-берене. Товарларды Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгарууда аларга карата талаптар

- Документ: [Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Документтеги орду: 12-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 31-декабрындагы № 184 "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 184
- Кабыл алынган күнү: 31.12.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.04.2019
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 апреля 2019 года № 52 "О таможенном регулировании"](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-73>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5188/edition/947645/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205436/st-73.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.04.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 73-берене (24.04.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-73

---

Ташуунун, транспорттоонун жана сактоонун кадыресе шарттарында табигый жешилүүнүн же азаюунун натыйжасында товарлардын абалынын жана санынын өзгөрүшүн эсепке албаганда, товарлар аларды белгилүү бир бажылык жол-жобого киргизген учурдагы абалда жана санда Кыргыз Республикасынын аймагынан иш жүзүндө чыгарылуусу керек. Эгерде товарлардын абалынын начарлашы же өзгөрүшү авариянын же ал жеткис күчтүн таасиринин натыйжасында болсо, ошондой эле Кыргыз Республикасында колдонулуучу ченемдерде жана стандарттарда каралган учурларда - өлчөөнүн кемчиликтеринен улам товарлардын саны өзгөргөндө жактар ушул берененин жоболорун сакталбагандыгы үчүн жоопкерчилик тартпайт.

---

Мурунку берене: [72-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-72)  
Кийинки берене: [74-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-74)
