# 72-берене. Документтерди жана маалыматтарды берүү

- Документ: [Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Документтеги орду: 12-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 31-декабрындагы № 184 "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 184
- Кабыл алынган күнү: 31.12.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.04.2019
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 апреля 2019 года № 52 "О таможенном регулировании"](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-72>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5188/edition/947645/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205436/st-72.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.04.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 72-берене (24.04.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-72

---

1. Товарлардын жана транспорт каражаттарынын Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгуусуна Кыргыз Республикасынын бажы органынын уруксатын алуу үчүн ташуучу чыгарылып жаткан товарлар тууралуу маалыматтар, ошондой эле транспорттук каражат тууралуу маалыматтар камтылган бажылык декларацияны Кыргыз Республикасынын бажы органына берүүгө милдеттүү.

Кыргыз Республикасынын бажы органдары талап кылуучу документтер жана маалыматтар товарларды жана транспорттук каражатты бажылык максаттарда идентификациялоо үчүн зарыл болгондору менен чектелет.

2. Товарлар жана транспорттук каражаттар Кыргыз Республикасынын аймагынан чыккандагы маалыматтардын жана документтердин конкреттүү тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан, транспорт каражаттарынын түрүнө жараша аныкталат.

3. Ташуучу өзү ташыган бардык товарлар тууралуу маалыматтарды бажылык декларацияда Бажы бирлигинин мыйзамдарына жана ушул Мыйзамга ылайык белгиленген тартипте көрсөтүүнү камсыздоого милдеттүү.

---

Мурунку берене: [71-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-71)  
Кийинки берене: [73-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-73)
