# 66-берене. Убактылуу сактоо кампаларынын ээлеринин милдеттери

- Документ: [Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Документтеги орду: 11-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 31-декабрындагы № 184 "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 184
- Кабыл алынган күнү: 31.12.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.04.2019
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 апреля 2019 года № 52 "О таможенном регулировании"](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-66>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5188/edition/947645/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205436/st-66.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.04.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 66-берене (24.04.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-66

---

1. Убактылуу сактоо кампаларынын ээлери төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) кампаны Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген талаптарга ылайык ыңгайлаштырууга;

2) сактоодо турган товарларды кампадан бажылык контролду кыйгап өтүп алып коюу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарууга;

3) кампага же бажылык контролдоо чөлкөмү болуп эсептелген, кампага жанаша аймакка Кыргыз Республикасынын бажы органынын иштөө убактысынан сырткары келген товарларды жана транспорт каражаттарын жайгаштырууну камсыздоого;

4) убактылуу сактоо кампаларындагы же бажылык контролдоо чөлкөмү болуп эсептелген, кампага жанаша аймактагы товарлардын жана транспорттук каражаттардын сакталышын камсыздоого;

5) бажылык контролдоону ишке ашырууга көмөктөшүүгө;

6) сакталуудагы товарлардын эсебин жүргүзүүгө жана алар жөнүндө Кыргыз Республикасынын бажы органына отчет берүүгө;

7) сакталуудагы товарларга жана транспорт каражаттарына үчүнчү жактардын Кыргыз Республикасынын бажы органынын уруксатысыз жетишинин мүмкүн эместигин камсыз кылууга;

8) ушул Мыйзамдын 68-беренесинде каралган учурда бажы алымдарын, салыктарды төлөөгө.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган милдеттер убактылуу сактоонун башка жерлеринде товарларды жана транспорт каражаттарын сактоо учурларына жайылтылат.

---

Мурунку берене: [65-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-65)  
Кийинки берене: [67-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-67)
