# 65-берене. Убактылуу сактоо кампаларынын типтери

- Документ: [Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Документтеги орду: 11-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 31-декабрындагы № 184 "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 184
- Кабыл алынган күнү: 31.12.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.04.2019
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 апреля 2019 года № 52 "О таможенном регулировании"](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-65>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5188/edition/947645/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205436/st-65.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.04.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 65-берене (24.04.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-65

---

1. Убактылуу сактоо кампалары ачык жана жабык типте болушу мүмкүн.

Кайсы болбосун товарларды сактоо жана бардык жактардын пайдалануусуна жеткиликтүү болгон убактылуу сактоо кампалары ачык типтеги кампалар болуп эсептелет. Белгилүү бир товарларды же белгилүү бир жактардын, анын ичинде жүгүртүүдө чектелген жана (же) сактоонун өзгөчө шарттарын талап кылган товарларды сактоого арналган убактылуу сактоо кампалары жабык типтеги кампалар болуп эсептелет.

2. Убактылуу сактоо кампаларынын инфраструктурасына, техникалык жабдылышына жана иштөө режимине карата талаптар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

---

Мурунку берене: [64-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-64)  
Кийинки берене: [66-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-66)
