# 62-берене. Товарларды убактылуу сактоонун жалпы жоболору

- Документ: [Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Документтеги орду: 11-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 31-декабрындагы № 184 "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 184
- Кабыл алынган күнү: 31.12.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.04.2019
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 апреля 2019 года № 52 "О таможенном регулировании"](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-62>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5188/edition/947645/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205436/st-62.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.04.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 62-берене (24.04.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-62

---

1. Товарларды убактылуу сактоонун, убактылуу сактоодогу товарлар менен операцияларды жүргүзүүнүн мазмуну, товарларды убактылуу сактоонун мөөнөттөрү Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 167, 170, 171-беренелеринде белгиленген.

2. Тез бузулуучу товарларды убактылуу сактоонун эң узак мөөнөтү он күндү түзөт.

3. Бажы ишинин чөйрөсүндөгү кылмыш-жазалык иштер жана администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча заттык далилдер болуп эсептелген товарларды жана транспорт каражаттарын убактылуу сактоо соттун чечими же ишти токтотуу жөнүндө токтом мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин жүргүзүлөт.

---

Мурунку берене: [61-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-61)  
Кийинки берене: [63-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-63)
