# 57-берене. Ташуучунун милдеттери

- Документ: [Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Документтеги орду: 9-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 31-декабрындагы № 184 "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 184
- Кабыл алынган күнү: 31.12.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.04.2019
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 апреля 2019 года № 52 "О таможенном регулировании"](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-57>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5188/edition/947645/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205436/st-57.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.04.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 57-берене (24.04.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-57

---

1. Товарларды жеткирүүнү контролдоонун автоматташтырылган тутумун колдонууда ташуучу төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) жөнөтүүчү бажы органы белгилеген жерге товарларды жана аларга карата документтерди, ташуучулук документтерде көрсөтүлгөн арналыш пунктту (жөнөтүүчү бажы органы иш жүргүзгөн региондо жайгашкан бажылык контролдоо аймагы) эсепке алуу менен, эгерде белгиленген болсо, белгилүү бир маршруттарды кармануу менен, белгиленген мөөнөттө жеткирүүгө;

2) товарлардын, бажылык пломбалардын жана мөөрлөрдүн, эгерде пайдаланылса, башка идентификациялык каражаттардын сакталышын камсыз кылууга;

3) ушул Мыйзамдын 50-беренесинде каралган, товарды бир транспорттук каражаттан башка транспорттук каражатка кайра жүктөгөн учурларды кошпогондо, товарларды түшүрүүгө жана кошумча жүктөөгө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын бажы органына кабарлабастан кайсы болбосун башка операцияларды жүргүзүүгө жол бербөөгө.

---

Мурунку берене: [56-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-56)  
Кийинки берене: [58-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-58)
