# 56-берене. Бажылык пломбалар жана мөөрлөр коюлган товарларды ташууда транспорт каражаттарын, контейнерлерди жана алынма кузовдорду жабдуу

- Документ: [Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Документтеги орду: 9-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 31-декабрындагы № 184 "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 184
- Кабыл алынган күнү: 31.12.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.04.2019
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 апреля 2019 года № 52 "О таможенном регулировании"](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-56>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5188/edition/947645/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205436/st-56.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.04.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 56-берене (24.04.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-56

---

1. Идентификациялоочу каражат катары коюлган бажылык пломбалар жана мөөрлөр түздөн-түз транспорттук каражаттарга, контейнерлерге же алынма кузовдорго коюлат, бул үчүн транспорттук каражаттар, контейнерлер же алынма кузовдор төмөнкүлөргө шарт түзгөн таризде түзүлүшү жана жабдылышы керек:

1) бажылык пломбалардын жана мөөрлөрдүн жөнөкөй жана ылайыктуу ыкма менен коюлушуна;

2) транспорттук каражаттын пломба коюлган жүк салуучу бөлүгүнөн аны ачуунун же бажылык пломбаны (мөөрдү) бузуунун көрүнөө издерин калтырбагандай таризде товарлардын алынбашына же салынбашына;

3) транспорт каражатында же анын жүк салуучу орун-жайларында товарларды катып коюу үчүн жашыруун орундар болбошуна;

4) товар турган бардык жерлердин бажылык текшерүүгө жеңил, жеткиликтүү болушуна.

2. Бажылык пломбаларды жана мөөрлөрдү коюу менен товарларды ташууга транспорттук каражаттын, контейнердин же алынма кузовдун жарактуулугу жөнүндө чечимди, эгерде транспорттук каражатта пломбаларды жана мөөрлөрдү коюу менен товарларды ташууга алдын ала уруксат берилбеген болсо, жөнөтүүчү бажы органы кабыл алат.

3. Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде алдын ала уруксат берүү каралган учурларды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын бажы органдары бажылык пломбаларды жана мөөрлөрдү коюу менен товарларды ташууга транспорттук каражаттын, контейнердин же алынма кузовго алдын ала уруксат берүүнү талап кылбайт.

---

Мурунку берене: [55-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-55)  
Кийинки берене: [57-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-57)
