# 52-берене. Документтерди жана маалыматтарды берүү

- Документ: [Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Документтеги орду: 9-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 31-декабрындагы № 184 "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 184
- Кабыл алынган күнү: 31.12.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.04.2019
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 апреля 2019 года № 52 "О таможенном регулировании"](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-52>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5188/edition/947645/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205436/st-52.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.04.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 52-берене (24.04.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-52

---

1. Кыргыз Республикасынын аймагына товарлардын келиши жөнүндө кабарлоодо Кыргыз Республикасынын бажы органдары талап кылуучу маалыматтар жана документтер Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 159-беренесинде каралган маалыматтар жана документтердин ичинен бажылык максаттарда товарларды жана транспорттук каражаттарды идентификациялоо үчүн зарыл болгондору менен гана чектелет.

Кыргыз Республикасынын аймагына товарлардын келиши жөнүндө кабарлоодо берилүүчү маалыматтардын жана документтердин конкреттүү тизмегин транспорттун түрүнө жараша Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.

2. Ташуу жүзөгө ашырылган транспорттун түрүнө карабастан, Кыргыз Республикасынын аймагына товарлардын келиши жөнүндө Кыргыз Республикасынын бажы органына кабарлоодо Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 152-беренесинин 1-пунктуна ылайык, тарифтик эмес жөнгө салуу чараларын кошпогондо, тыюу салуулардын жана чектөөлөрдүн сакталгандыгын ырастоочу документтер берилет.

---

Мурунку берене: [51-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-51)  
Кийинки берене: [53-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-53)
