# 47-берене. Бажы бирлигинин бажы чек арасы аркылуу товарларды которуштурууда чектөөлөрдү жана тыюу салууларды аткаруу

- Документ: [Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 31-декабрындагы № 184 "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 184
- Кабыл алынган күнү: 31.12.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.04.2019
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 апреля 2019 года № 52 "О таможенном регулировании"](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-47>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5188/edition/947645/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205436/st-47.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.04.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 47-берене (24.04.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-47

---

1. Эгерде чектөөлөр жана тыюу салуулар белгиленген Бажы бирлигинин Бажы кодексинде, Бажы бирлигинин бажы мыйзамдарында, Бажы бирлигине мүчө мамлекеттердин эл аралык келишимдеринде, Бажы бирлигинин комиссиясынын чечимдеринде жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында башкача аныкталбаса, бажы чек арасы аркылуу товарларды которуштуруу чектөөлөрдү жана тыюу салууларды аткаруу менен жүргүзүлөт.

2. Товарларды которуштурган жактарда, декларанттарда, ташуучуларда же башка жактарда товарларды Кыргыз Республикасынын аймагына алып келүүгө же ал аймактан алып кетүүгө тыюу салууларды жана чектөөлөрдү сактоого байланыштуу келип чыккан чыгымдарды Кыргыз Республикасынын бажы органдары төлөп бербейт.

3. Товарларды которуштурууну ташуучу жүргүзөт. Товарларды дароо алып кетүүгө мүмкүн болбогондо же дароо алып кетүү ишке ашырылбаганда, товарлар убактылуу сактоо кампаларына же бажы контролунун зонасы болуп саналган башка жерлерге товарларды которуштурган жактардын эсебинен коюлат. Мындай товарларды сактоонун эң узак мөөнөтү, эгерде Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында товарлардын айрым категорияларына карата башкача мөөнөт каралбаса, үч сутканы түзөт. Бул мөөнөт аяктагандан кийин аталган товарларды тескөө ушул Мыйзамга ылайык жүргүзүлөт.

---

Мурунку берене: [46-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-46)  
Кийинки берене: [48-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-48)
