# 45-берене. Бажы бирлигинин бажы чек арасы аркылуу товарларды жана транспорт каражаттарын которуштуруунун тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 31-декабрындагы № 184 "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 184
- Кабыл алынган күнү: 31.12.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.04.2019
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 апреля 2019 года № 52 "О таможенном регулировании"](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-45>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5188/edition/947645/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205436/st-45.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.04.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 45-берене (24.04.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-45

---

1. Товарларды жана транспорттук каражаттарды бажы чек арасы аркылуу которуштуруу Бажы бирлигинин бажы мыйзамдарына, ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык жүргүзүлөт.

2. Товарларды Кыргыз Республикасынын бажы аймагына алып келүү жана ал аймактан алып кетүү, товарларды которуштурган жактардын ушул Мыйзамда каралган бажылык жол-жоболордун бирине товарларды киргизүү жана ушул бажылык жол-жобонун шарттарын сактоо милдеттүүлүгүнө алып келет.

3. Бажы бирлигинин бажы чек арасы аркылуу которуштурулуучу товарлар жана транспорттук каражаттар Бажы бирлигинин бажы мыйзамдарында жана ушул Мыйзамда каралган тартипте жана шарттарда бажылык контролдоого жатат.

4. Бажы контролун жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын бажы органдары коюучу талаптар Бажы бирлигинин бажы мыйзамдарын жана ушул Мыйзамды сактоону камсыз кылуу үчүн минималдуу түрдө зарыл болгондон чоң даражада товарларды жана транспорттук каражаттарды Бажы бирлигинин бажы чек арасы аркылуу которуштурууга жана бажы иши жагында иш-аракеттерди жүргүзүүгө тоскоол боло албайт.

---

Мурунку берене: [44-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-44)  
Кийинки берене: [46-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-46)
