# 42-берене. Тышкы сооданын бажылык статистикасы

- Документ: [Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 31-декабрындагы № 184 "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 184
- Кабыл алынган күнү: 31.12.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.04.2019
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 апреля 2019 года № 52 "О таможенном регулировании"](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-42>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5188/edition/947645/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205436/st-42.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.04.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 42-берене (24.04.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-42

---

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешин, Кыргыз Республикасынын Президентин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүн жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган башка мамлекеттик органдарды Кыргыз Республикасынын тышкы соодасынын абалы жөнүндө маалымат менен камсыз кылуу, мамлекеттик бюджетке бажы төлөмдөрүнүн түшүүсүн контролдоо, валюталык контроль жүргүзүү, Кыргыз Республикасынын тышкы соодасынын абалын, кыймылын жана тенденцияларын, анын соода балансын жана бүткүл экономикасын талдоо максатында бажы органдары товарларды бажылык чек ара аркылуу которуштуруу тууралуу маалыматтарды жыйнайт жана иштеп чыгат, ошондой эле бажылык статистиканын маалыматтарын берет. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бажылык статистиканын маалыматтарын эл аралык уюмдарга Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык берет. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тышкы сооданын бажылык статистикасынын маалыматтарын жарыялап турат.

2. Кыргыз Республикасынын тышкы соодасынын бажылык статистикасы Бажы бирлигинин бажы мыйзамдарына, ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык жүргүзүлөт.

3. Тышкы сооданын бажы статистикасы Кыргыз Республикасынын жана анын тышкы соода өнөктөрүнүн өз ара соодасынын маалыматтарын салыштырууну камсыз кылуучу усулдарга ылайык жүргүзүлөт. Импорт жана экспорт боюнча ар айлык жана ар жылдык отчеттор Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жана Жогорку Кеңешине берилет жана тийиштүү мезгилден кийинки бир айлык мөөнөттөн кечиктирилбестен, коомчулук үчүн жарыяланууга тийиш. Ушул Мыйзамдын 2-главасына ылайык маалыматтык технологиялар максималдуу түрдө колдонулушу керек.

---

Мурунку берене: [41-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-41)  
Кийинки берене: [43-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-43)
