# 41-берене. Товарларды классификациялоо боюнча алдын ала чечимдер, түшүндүрмөлөр жана башка чечимдер

- Документ: [Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 31-декабрындагы № 184 "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 184
- Кабыл алынган күнү: 31.12.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.04.2019
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 апреля 2019 года № 52 "О таможенном регулировании"](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-41>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5188/edition/947645/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205436/st-41.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.04.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 41-берене (24.04.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-41

---

1. Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аныктаган бажы органдары кызыкдар жактын суроо-талабы боюнча тышкы экономикалык иш-аракеттин Товардык номенклатурасы боюнча товарлардын классификациясы жагындагы алдын ала чечимди Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 53-56-беренелеринде аныкталган тартипте кабыл алат.

2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган товарлардын өзүнчө түрлөрүн классификациялоо боюнча чечим кабыл алат жана түшүндүрмө берет.

3. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган кызыкдар жактарга ушул беренеге ылайык Кыргыз Республикасынын бажы органдары кабыл алган алдын ала чечимдер жана түшүндүрмөлөр жөнүндө маалыматтын жеткиликтүүлүгүн акысыз негизде камсыз кылат.

---

Мурунку берене: [40-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-40)  
Кийинки берене: [42-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-42)
