# 4-берене. Бажы мыйзамдарынын мезгил аралыгында колдонулушу

- Документ: [Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 31-декабрындагы № 184 "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 184
- Кабыл алынган күнү: 31.12.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.04.2019
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 апреля 2019 года № 52 "О таможенном регулировании"](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5188/edition/947645/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205436/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.04.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 4-берене (24.04.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-4

---

1. Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдарынын актылары алар күчүнө кирген күндөн кийин келип чыккан мамилелерге карата колдонулат жана ушул берененин 2-бөлүгүндө белгиленгенден башка учурларда артка карай колдонулбайт.

2. Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдарынын актыларынын жактардын абалын жакшырткан жоболору, эгерде актыда түздөн-түз каралса, артка карай колдонулат.

3. Эгерде Бажы бирлигинин бажы мыйзамдарында башкача белгиленбесе, Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдарынын актылары расмий жарыяланган күндөн кеминде 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

---

Мурунку берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-3)  
Кийинки берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-5)
