# 39-берене. Куралбаган жана ажыратылган түрдөгү товарды классификациялоо боюнча чечимди кабыл алуунун мөөнөтү жана мындай чечимге карата талаптар

- Документ: [Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 31-декабрындагы № 184 "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 184
- Кабыл алынган күнү: 31.12.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.04.2019
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 апреля 2019 года № 52 "О таможенном регулировании"](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-39>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5188/edition/947645/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205436/st-39.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.04.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 39-берене (24.04.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-39

---

1. Куралбаган жана ажыратылган түрдөгү товарды классификациялоо боюнча чечим куралбаган жана ажыратылган түрдөгү товарды классификациялоо боюнча чечимди кабыл алуу жөнүндө арыз катталган күндөн тартып отуз календардык күндүн ичинде кабыл алынат. Ушул Мыйзамдын 38-беренесине ылайык кошумча маалымат көрсөтүү зарылдыгы болсо, мөөнөт жакты жазуу жүзүндөгү кабардама катталган күндөн тартып токтотулат жана суралган маалыматты камтыган акыркы документти Кыргыз Республикасынын бажы органы алган күндөн кайра улантылат.

2. Куралбаган жана ажыратылган түрдөгү товарды классификациялоо боюнча чечим төмөнкүдөй маалыматтарды камтышы керек:

1) куралбаган жана ажыратылган түрдөгү товарды классификациялоо боюнча чечимди кабыл алган Кыргыз Республикасынын бажы органынын аталышын;

2) куралбаган жана ажыратылган түрдөгү товарды классификациялоо боюнча чечимдин каттоо номерин жана анын кабыл алынган датасын;

3) мындай товардын декларанты болууга укуктуу жак жөнүндө маалыматты;

4) товардын толук аталышын;

5) тышкы экономикалык иш-аракеттин Товардык номенклатурасын түшүндүрүүнүн Негизги эрежелерин көрсөтүү менен, кабыл алынган чечимдин негиздерин жана далилдерин;

6) тышкы экономикалык иш-аракеттин Товардык номенклатурасы боюнча товардын он орундуу кодун;

7) товардын компоненттеринин тизмегин, анда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:

а) компоненттердин, анын ичинде товардын айрым компоненттерин түзгөн бөлүктөрүнүн аталышын;

б) тышкы экономикалык иш-аракеттин Товардык номенклатурасы боюнча товардын компоненттеринин кодун;

в) компоненттердин, анын ичинде товардын өз алдынча компонентин түзгөн бөлүктөрүнүн тышкы экономикалык иш-аракеттин Товардык номенклатурасында колдонулуучу чен-өлчөм бирдигиндеги салмагын жана санын;

г) товардык компоненттерди алып келүү жүргүзүлгөн жана тышкы экономикалык бүтүм жасалгандыгын тастыктаган документтердин же бажы максаттарына зарыл болгон башка документтердин реквизиттерин;

8) товар бериле турган бажылык жол-жобо жөнүндө маалыматты;

9) кабыл алынган чечимге даттануунун тартиби жөнүндө маалыматтарды.

3. Куралбаган жана ажыратылган түрдөгү товарды классификациялоо боюнча чечимге Кыргыз Республикасынын бажы органынын жетекчиси же анын орун басары кол коет жана ал кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

---

Мурунку берене: [38-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-38)  
Кийинки берене: [40-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-40)
