# 38-берене. Куралбаган жана ажыратылган түрдөгү товарды классификациялоо боюнча чечимди кабыл алуу жөнүндө арыз

- Документ: [Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 31-декабрындагы № 184 "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 184
- Кабыл алынган күнү: 31.12.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.04.2019
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 апреля 2019 года № 52 "О таможенном регулировании"](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-38>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5188/edition/947645/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205436/st-38.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.04.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 38-берене (24.04.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-38

---

1. Куралбаган жана ажыратылган түрдөгү товарды классификациялоо боюнча чечимди кабыл алуу үчүн ошол товардын декларанты катары аракет кылууга укуктуу жак, Кыргыз Республикасынын товарды чыгарууну ишке ашыруучу бажы органына жазуу түрүндө арыз берет.

Куралбаган жана ажыратылган түрдөгү товарды классификациялоо боюнча чечимди кабыл алуу жөнүндө арыз ошол товардын кайсы бир партиясы, бажы кампасынын бажылык жол-жобосу жана бажылык транзиттин бажылык жол-жобосун кошпогондо, бажылык жол-жобого киргизиле электе берилет.

2. Куралбаган жана ажыратылган түрдөгү товарды классификациялоо боюнча чечимди кабыл алуу жөнүндө арызда төмөнкүлөр камтылышы керек:

1) ошол товардын декларанты катары аракет кылууга укуктуу жак жөнүндө маалымат;

2) товар жөнүндө маалымат (аталышы, товардын компоненттеринин тизмеги);

3) товарды жеткирүү мөөнөтү;

4) товар жайлаштырыла турган бажылык жол-жобо жөнүндө маалымат;

5) Кыргыз Республикасынын товарды бажылык декларациялоо ишке ашырылуучу региондогу бажы органынын аталышы.

3. Куралбаган жана ажыратылган түрдөгү товарды классификациялоо боюнча чечимди кабыл алуу жөнүндө арызга төмөнкүдөй документтер тиркелет:

1) товарга карата тышкы экономикалык бүтүм жасалгандыгын тастыктаган документтер;

2) товардын компоненттеринин кагаз жана электрондук түрдөгү тизмеги (таблица түрүндө), анда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:

а) компоненттердин, анын ичинде товардын айрым бир компонентин түзүүчү бөлүктөрүнүн аталышы;

б) тышкы экономикалык иш-аракеттин Товардык номенклатурасы боюнча товардын компоненттеринин коду;

в) компоненттердин, анын ичинде товардын өз алдынча компонентин түзгөн бөлүктөрүнүн Тышкы экономикалык иш-аракеттин Товардык номенклатурасында колдонулуучу чен-өлчөм бирдигиндеги салмагы жана саны;

3) багыты, аткаруучу функциялары, аракеттенүү принциби, жасалган материалы көрсөтүлүү менен товардын айрым компоненттеринин сыпатталышы;

4) куроо (монтаждоо) чиймеси (схемасы).

4. Эгерде тапшырылган документтер жана маалыматтар куралбаган жана ажыратылган түрдөгү товарды классификациялоо боюнча чечимди кабыл алуу үчүн жетишсиз болсо, куралбаган жана ажыратылган түрдөгү товарды классификациялоо боюнча чечимди кабыл алуу жөнүндө арыз берилген күндөн тартып он беш календардык күн ичинде Кыргыз Республикасынын бажы органы кошумча маалымат көрсөтүүнүн зарылдыгы жөнүндө жактарга жазуу жүзүндө кабардама берет.

Кошумча маалымат кабардама арыз берүүчүгө берилген күндөн тартып отуз календардык күндүн ичинде берилиши керек.

5. Кыргыз Республикасынын бажы органы куралбаган жана ажыратылган түрдөгү товарды классификациялоо боюнча чечимди кабыл алуудан төмөнкүдөй учурларда баш тартат:

1) эгерде арыз ошол товардын декларанты болууга укугу жок жак тарабынан берилсе;

2) эгерде Кыргыз Республикасынын бажы органы сураган кошумча маалымат ушул берененин 4-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөттө берилбесе же ошол товардын декларанты болууга укугу бар жак товарды классификациялоо үчүн зарыл болгон документтерди жана маалыматтарды берүүдөн баш тартса;

3) эгерде арызда жана ага тиркелген документтерде карама каршы маалыматтар камтылса;

4) эгерде Кыргыз Республикасынын аймагына алып келүүгө жатуучу компоненттер тышкы экономикалык иш-аракеттин Товардык номенклатурасы боюнча бирдиктүү код менен классификациялануучу товарды түзбөсө;

5) эгерде, бажы кампасынын бажылык жол-жобосун жана бажылык транзиттин бажылык жол-жобону кошпогондо, куралбаган жана ажыратылган түрдөгү товардын өз алдынча компоненттеринин бир бөлүгү бажылык жол-жобого берилсе.

---

Мурунку берене: [37-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-37)  
Кийинки берене: [39-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-39)
