# 35-берене. Бажы бирлигинин тышкы экономикалык иш-аракетинин Товардык номенклатурасы

- Документ: [Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 31-декабрындагы № 184 "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 184
- Кабыл алынган күнү: 31.12.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.04.2019
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 апреля 2019 года № 52 "О таможенном регулировании"](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-35>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5188/edition/947645/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205436/st-35.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.04.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 35-берене (24.04.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-35

---

1. Тышкы экономикалык иш-аракеттин тышкы соода-сатыктык жана башка түрлөрүн бажы-тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуунун чараларын колдонуу үчүн, Кыргыз Республикасынын тышкы соодасынын бажылык статистикасын жана Кыргыз Республикасынын Бажы бирлигине мүчө мамлекеттер менен өз ара соодасынын статистикасын жүргүзүү үчүн Бажы бирлигинин тышкы экономикалык иш-аракетинин Товардык номенклатурасы (мындан ары - тышкы экономикалык иш-аракеттин Товардык номенклатурасы) колдонулат.

Тышкы экономикалык иш-аракеттин Товардык номенклатурасы - ал товардык позицияны, субпозицияны жана кичисубпозицияны жана аларга тиешеси бар классификациялык (цифралык) коддорду камтыган товарлар классификатору. Тышкы экономикалык иш-аракеттин Товардык номенклатурасын ажыралгыс бөлүгү болуп, кандай деңгээлде болбосун классификациянын позицияларына карата эскертүүлөр, ошондой эле Тышкы экономикалык иш-аракеттин товардык номенклатурасын интерпретациялоонун Негизги эрежеси саналат.

2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган:

1) Тышкы экономикалык иш-аракеттин Товардык номенклатурасынын эл аралык негиздерин иштеп чыгуу, өзгөртүү, толуктоо, чечмелөө жана колдонуу жагында эл аралык уюмдарда Кыргыз Республикасын билдирет;

2) Тышкы экономикалык иш-аракеттин Товардык номенклатурасынын эл аралык негизин өзгөртүүлөргө жана толуктоолорго, бул негизди чечмелөө боюнча эл аралык түшүндүрмөлөргө жана чечимдерге мониторинг жүргүзөт;

3) кызыкдар мамлекеттик органдар менен бирдикте Тышкы экономикалык иш-аракеттин Товардык номенклатурасын иштеп чыгуу, өзгөртүү жана толуктоо жөнүндө сунуштарды даярдоону камсыз кылат.

---

Мурунку берене: [34-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-34)  
Кийинки берене: [36-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-36)
