# 34-берене. Товар чыгарылган өлкөнү аныктоодо товарды чыгаруунун шарттары

- Документ: [Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 31-декабрындагы № 184 "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 184
- Кабыл алынган күнү: 31.12.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.04.2019
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 апреля 2019 года № 52 "О таможенном регулировании"](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-34>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5188/edition/947645/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205436/st-34.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.04.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 34-берене (24.04.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-34

---

1. Товар чыгарылган өлкөнү ырастоочу документтер болбогон учурда же берилген документтер талаптагыдай таризделбегендиги жана (же) анык эмес маалыматтарды камтыгандыгы аныкталган учурда, Кыргыз Республикасынын бажы органы, эгерде Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине жана (же) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык товарды өткөрүүдөн баш тартат (47-глава).

2. Товардын чыгарылган жери ушул Мыйзамдын 30-32-беренелерине ылайык так аныкталбаган башка учурларда товар соодалык-саясий мамилелерде бир кыйла оңтойлуу режим каралбаган өлкөдөн чыккан товарларга карата колдонулуучу коюмдар боюнча бажы алымдарын төлөө менен чыгарылат.

3. Ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн товарларга карата Кыргыз Республикасынын бажы органы бажылык декларацияны кабыл алган күндөн тартып бир жыл өткөнгө чейин ушул товар чыгарылган өлкө тастыкталган шартта кыйла оңтойлуу режим же преференциялык режим колдонулат (калыбына келтирилет). Бул учурда алып келүүнүн бажы алымдарынын төлөнгөн суммалары Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 13-главасына ылайык кайтарып берилүүгө (эсепке алынууга) жатат.

---

Мурунку берене: [33-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-33)  
Кийинки берене: [35-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-35)
