# 296-берене. Даттануу боюнча чечим

- Документ: [Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Документтеги орду: 56-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 31-декабрындагы № 184 "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 184
- Кабыл алынган күнү: 31.12.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.04.2019
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 апреля 2019 года № 52 "О таможенном регулировании"](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 6 июня 2017 года № 99 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О таможенном регулировании в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/111610)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/205436#diff=947645..947646>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-296>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5188/edition/947645/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205436/st-296.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.04.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 296-берене (24.04.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-296

---

1. Даттанууну кароонун натыйжалары боюнча аны караган орган:

1) Кыргыз Республикасынын бажы органынын же анын кызматкеринин чечимин, аракетин (аракетсиздигин) укук ченемдүү деп табат;

2) Кыргыз Республикасынын бажы органынын же анын кызмат адамынын чечимин, аракетин (аракетсиздигин) толугу менен же жарым-жартылай укук ченемсиз деп табат.

2. Даттанылып жаткан чечим, аракет (аракетсиздик) укук ченемсиз деп табылган учурда аны карап жаткан орган:

1) Кыргыз Республикасынын бажы органы же анын кызматкери кабыл алган чечимди толугу менен же жарым-жартылай жокко чыгарат;

2) Кыргыз Республикасынын бажы органы же анын кызматкери кабыл алган чечимди жокко чыгарат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аны жаңы чечим кабыл алууга милдеттендирет же эгерде аны кабыл алуу өзүнүн компетенциясына кирсе, мындай чечимди өз алдынча кабыл алат;

3) Кыргыз Республикасынын бажы органынын же анын кызматкеринин аракетин (аракетсиздигин) укук ченемсиз деп табат жана жол берилген бузууларды жоюу максатында жасалууга тийиш болгон иш-аракеттердин чөйрөсүн аныктайт же эгерде аларды жасоо өзүнүн компетенциясында болсо, мындай аракеттерди өз алдынча жасайт.

21. Эгерде бажы төлөмдөрүн жана туумдарды төлөө жөнүндө бажы органы тарабынан коюлган талапка даттанууну кароо натыйжасы боюнча Кыргыз Республикасынын жогору турган бажы органы коюлган талаптын укук ченемсиздиги жөнүндө чечим кабыл алган учурда, талап койгон бажы органы сот органдарынын чечими жок эле Кыргыз Республикасынын жогору турган бажы органы тарабынан чечимдин кабыл алынган күнүнөн он жумушчу күнгө чейинки мөөнөттө талапты кайра артка алууну жүргүзөт.

3. Даттанууну карап жаткан жак Кыргыз Республикасынын бажы органынын кызматкери өзүнө жүктөлгөн милдеттерди аткарбагандыгынын же талаптагыдай аткарбагандыгынын белгилерин тапканда бул кызматкерди мыйзамда белгиленген тартипте тартип жоопкерчилигине тартуу боюнча чараларды көрөт.

4. Ушул Мыйзамдын 290-беренесинде белгиленген мөөнөттөрдө Кыргыз Республикасынын бажы органынын же анын кызматкеринин чечимине, аракетине (аракетсиздигине) даттануу менен кайрылган жакка даттанууну кароонун натыйжалары боюнча кабыл алынган чечимдин көчүрмөсү жөнөтүлөт, ошондой эле ага даттануунун тартиби түшүндүрүлөт.

5. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ушул беренеге ылайык кабыл алынган даттанууну карап чыгуусунун жыйынтыгы менен макул болбогон жак кабыл алынган чечимдин көчүрмөсүн алган күндөн тартып отуз күндүн ичинде тиешелүү сот органына даттанууга укуктуу.

(КР 2017-жылдын 6-июнундагы № 99 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [295-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-295)  
Кийинки берене: [297-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-297)
