# 294-берене. Даттанууну кароочу орган

- Документ: [Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Документтеги орду: 56-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 31-декабрындагы № 184 "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 184
- Кабыл алынган күнү: 31.12.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.04.2019
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 апреля 2019 года № 52 "О таможенном регулировании"](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-294>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5188/edition/947645/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205436/st-294.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.04.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 294-берене (24.04.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-294

---

1. Кыргыз Республикасынын бажы органынын чечимине, аракетине (аракетсиздигине) карата даттануу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан каралат.

Кыргыз Республикасынын бажы органынын кызмат адамынын чечимине, аракетине (аракетсиздигине) карата берилген даттануу ал кызмат адамы кызмат өтөп жаткан Кыргыз Республикасынын бажы органы тарабынан каралат, ал эми Кыргыз Республикасынын бажы органынын жетекчисинин чечимине, аракетине (аракетсиздигине) карата берилген даттануу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан каралат. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечимине, аракетине (аракетсиздигине) карата берилген даттануу жогору турган мамлекеттик орган тарабынан каралат.

2. Даттануу боюнча чечимди жогору турган органдын атынан бул органдын жетекчиси же ал ыйгарым укук берген адам кабыл алат. Мында даттанууну карап чыгуу чечимди кабыл алган, аракетти (аракетсиздикти) жасаган кызматкер же ага карата төмөн турган кызматкер тарабынан жүргүзүлүшү мүмкүн эмес.

---

Мурунку берене: [293-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-293)  
Кийинки берене: [295-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-295)
