# 290-берене. Даттануунун формасы жана мазмуну

- Документ: [Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Документтеги орду: 55-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 31-декабрындагы № 184 "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 184
- Кабыл алынган күнү: 31.12.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.04.2019
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 апреля 2019 года № 52 "О таможенном регулировании"](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-290>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5188/edition/947645/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205436/st-290.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.04.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 290-берене (24.04.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-290

---

1. Даттануу жазуу жүзүндө берилет.

2. Даттанууда төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:

1) чечими, аракети (аракетсиздиги) даттанылып жаткан Кыргыз Республикасынын бажы органынын аталышы же Кыргыз Республикасынын бажы органынын кызмат адамынын кызмат орду, аты-жөнү (эгерде алар белгилүү болсо);

2) даттанууну берген жактын аты-жөнү же аталышы, ал жашаган жер же турган орду;

3) даттанылып жаткан чечимдин, аракеттин же аракетсиздиктин маани-маңызы;

4) Кыргыз Республикасынын бажы органынын же анын кызмат адамынын чечиминен, аракетинен (аракетсиздигинен) улам өзүнүн укуктары менен эркиндиктери бузулду, аларды ишке ашырууга тоскоолдуктар түзүлдү же кандайдыр бир милдет мыйзамсыз түрдө жүктөлдү деп жактын эсептешине негиз болгон жагдайлар.

3. Арыз ээси даттанууда көрсөтүлгөн жагдайларды ырастаган документтерди жана маалыматтарды бербей кое алат. Эгерде мындай документтерди жана маалыматтарды берүү даттанууну карап чыгуу үчүн олуттуу мааниге ээ болсо жана кызмат адамынын же анын даттанылып жаткан чечимдеринин, аракеттеринин (аракетсиздигинин) ушул документтери бажы органында жок болсо, ушул даттанууну карап жаткан бажы органы аларды даттануу берген жактан сураганга укугу бар. Бул учурда бажы органынын же анын кызмат адамдарынын чечимдерине, аракеттерине (аракетсиздиги) тийиштүү даттанууну кароонун мөөнөтү бажы органы сурап жаткан жак документтерди жана маалыматтарды бергенге чейин, бирок ушул сурам жөнөтүлгөн күндөн баштап үч айдан ашык эмес мөөнөткө токтотулат. Бажы органы сурап жаткан документтерди жана маалымдарды жак бербеген учурда көрсөтүлгөн даттануу боюнча чечим далилдегенге документтер жана маалыматтар берилбеген далилдерди эсепке албастан кабыл алынат.

---

Мурунку берене: [289-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-289)  
Кийинки берене: [291-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-291)
