# 289-берене. Даттануу берүү үчүн мөөнөттү калыбына келтирүү

- Документ: [Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Документтеги орду: 55-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 31-декабрындагы № 184 "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 184
- Кабыл алынган күнү: 31.12.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.04.2019
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 апреля 2019 года № 52 "О таможенном регулировании"](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-289>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5188/edition/947645/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205436/st-289.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.04.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 289-берене (24.04.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-289

---

1. Даттануу берүү үчүн мөөнөт жүйөлүү себептерден улам өтүп кеткен учурда бул мөөнөт даттануу менен кайрылган жактын арызы боюнча даттанууну карап чыгууга укуктуу орган тарабынан калыбына келтирилиши мүмкүн.

2. Өтүп кеткен мөөнөттү калыбына келтирүү даттанууну карап чыгууга иш жүзүндө кабыл алуу аркылуу жүргүзүлөт. Өтүп кеткен мөөнөттү калыбына келтирүү жөнүндө чечим жазуу жүзүндө таризделет, ал кабыл алынган күндөн тартып үч күндүн ичинде арыз ээсине жөнөтүлөт.

---

Мурунку берене: [288-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-288)  
Кийинки берене: [290-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-290)
