# 287-берене. Даттануу берүүнүн тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Документтеги орду: 55-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 31-декабрындагы № 184 "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 184
- Кабыл алынган күнү: 31.12.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.04.2019
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 апреля 2019 года № 52 "О таможенном регулировании"](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-287>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5188/edition/947645/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205436/st-287.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.04.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 287-берене (24.04.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-287

---

1. Кыргыз Республикасынын бажы органынын кызмат адамынын чечимине, аракетине (аракетсиздигине) карата даттануу мындай чечимди кабыл алган же аракет (аракетсиздик) жасаган кызмат адамы кызмат өтөп жаткан бажы органына же ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилет. Кыргыз Республикасынын бажы органынын чечимине, аракетине (аракетсиздигине) карата даттануу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилет.

2. Даттануу жогору турган органга түздөн-түз берилгенде бул орган чечими, аракети (аракетсиздиги) даттанылып жаткан бажы органынан же даттануу берилген кызмат адамынан даттануу боюнча тастыктоочу материалдарды жана корутундуну сурап алат.

---

Мурунку берене: [286-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-286)  
Кийинки берене: [288-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-288)
