# 28-берене. Товарлар чыгарылган өлкө жөнүндө жалпы жоболор

- Документ: [Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 31-декабрындагы № 184 "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 184
- Кабыл алынган күнү: 31.12.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.04.2019
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 апреля 2019 года № 52 "О таможенном регулировании"](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-28>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5188/edition/947645/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205436/st-28.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.04.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 28-берене (24.04.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-28

---

1. Бажы бирлигинин мүчөсү болуп эсептелбеген мамлекеттерде чыгарылган товарларды Кыргыз Республикасына аймагына киргизүүдө алар чыгарылган өлкөнү аныктоо товарлар чыгарылган өлкөнү аныктоонун бирдиктүү эрежелери жөнүндө Макулдашууга жана Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 7-главасына ылайык ишке ашырылат.

2. Бажы бирлигине мүчө мамлекеттерде чыгарылган товарлар чыккан өлкөнү аныктоо зарыл болгондо, эгерде Бажы бирлигине мүчө мамлекеттердин эл аралык келишимдеринде башкача белгиленбесе, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин эркин соода аймагынын алкагында түзүлгөн Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине ылайык белгиленген, товарлар чыгарылган өлкөнү аныктоо эрежелери колдонулат.

3. Товарлар чыгарылган өлкө декларант тарабынан, ал эми ушул Мыйзам менен белгиленген учурларда Кыргыз Республикасынын бажы органы тарабынан аныкталат. Товарлар чыгарылган өлкө товарларды бажылык декларациялоодо Кыргыз Республикасынын бажы органына декларант тарабынан билдирилет. Товарлардын декларант тарабынан билдирилген келип чыгышы Бажы бирлигинин бажы мыйзамдарынын талаптарына ылайык документалдуу ырасталууга тийиш.

---

Мурунку берене: [27-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-27)  
Кийинки берене: [29-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-29)
