# 279-берене. Товарларды мамлекеттик менчикке айландыруу

- Документ: [Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Документтеги орду: 54-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 31-декабрындагы № 184 "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 184
- Кабыл алынган күнү: 31.12.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.04.2019
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 апреля 2019 года № 52 "О таможенном регулировании"](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-279>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5188/edition/947645/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205436/st-279.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.04.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 279-берене (24.04.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-279

---

Товарлар төмөнкүдөй учурларда мамлекеттик менчикке айландырылат:

1) мүлктү конфискациялоону колдонуу менен кылмыш-жазалык иш же администрациялык жоопкерчилик жөнүндө иш боюнча соттун чечиминин негизинде - ушул сот чечими күчүнө кирген күндөн тартып;

2) Кыргыз Республикасынын бажы органынын же башка ыйгарым укуктуу органдын арызы боюнча мүлктү ээси жок деп таануу жөнүндө же ушул Мыйзамда каралган учурларда алып коюлган товарларды мамлекеттик менчикке айландыруу жөнүндө сот актысынын негизинде - сот актысы күчүнө кирген күндөн тартып;

3) мамлекеттин пайдасына баш тартуунун бажылык жол-жобосуна товарларды жайгаштыруунун негизинде - кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы боюнча товарларды Кыргыз Республикасынын бажы органдарына өткөрүп берген күндөн тартып.

---

Мурунку берене: [278-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-278)  
Кийинки берене: [280-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-280)
