# 272-берене. Атайын каражаттарды колдонуу

- Документ: [Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Документтеги орду: 51-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 31-декабрындагы № 184 "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 184
- Кабыл алынган күнү: 31.12.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.04.2019
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 апреля 2019 года № 52 "О таможенном регулировании"](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-272>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5188/edition/947645/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205436/st-272.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.04.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 272-берене (24.04.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-272

---

Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кызмат адамдары кол кишендерин, резина таяктарын, жаш агызуучу заттарды, имарат-жайды ачуучу шаймандарды, транспортту мажбурлап токтотуучу каражаттарды, башка атайын каражаттарды төмөнкүдөй учурларда колдонууга укуктуу:

1) Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кызматкерлерине же башка адамдарга кол салууга каршы аракет көрүү үчүн;

2) Кыргыз Республикасынын бажы органдарына тиешелүү болгон же алар пайдаланган имараттарга, орун-жайларга, курулмаларга жана транспорттук каражаттарга, бажы контролдугундагы товарларга жана транспорттук каражаттарга кол салууга каршы аракет көрүү үчүн, ошондой эле аталган объекттерди ээлеп алганда аларды бошотуу үчүн;

3) эгерде укук бузган адамдар баш ийбесе, каршылык көрсөтсө, башкача айбат көрсөтсө же айланасындагыларга же өзүнө залал келтириши мүмкүн болсо, укук бузуучуларды кармоо, аларды Кыргыз Республикасынын бажы органынын кызматтык орун-жайына жеткирүү үчүн;

4) Кыргыз Республикасынын бажы органынын кызмат адамына кара күч менен каршылык көрсөтүүнү четтетүү үчүн;

5) транспорттук каражаттын айдоочусу Кыргыз Республикасынын бажы органынын кызмат адамынын токтотуу жөнүндөгү талабын аткарбаганда аны токтотуу үчүн;

6) Кыргыз Республикасынын бажы органынын кызмат адамына жүктөлгөн милдеттерди жүзөгө ашыруусуна атайылап тоскоолдук кылган башка учурларда.

Адамдардын өмүрүнө жана ден-соолугуна, бажы контролдугундагы товарларга жана транспорттук каражаттарга коркунуч келтирүү менен куралдуу каршылык көрсөтүүдөн, топтошуп же башка түрдө кол салуудан башка учурларда, кош бойлуу экендиги көрүнүп турган аялдарга, майып экендиги билинип турган адамдарга жана жаш балдарга карата атайын каражаттарды колдонууга тыюу салынат. Кыргыз Республикасынын бажы органдарында пайдаланылуучу атайын каражаттардын толук тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

---

Мурунку берене: [271-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-271)  
Кийинки берене: [273-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-273)
