# 270-берене. Бажы органдарынын кызмат адамдарынын кара күчтү, атайын каражаттарды жана куралды колдонуусунун шарттары

- Документ: [Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Документтеги орду: 51-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 31-декабрындагы № 184 "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 184
- Кабыл алынган күнү: 31.12.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.04.2019
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 апреля 2019 года № 52 "О таможенном регулировании"](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-270>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5188/edition/947645/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205436/st-270.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.04.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 270-берене (24.04.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-270

---

1. Ушул Мыйзамда каралган учурларда жана тартипте Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кызмат адамдары кара күчтү, атайын каражаттарды жана ок атма куралды колдонууга укуктуу.

2. Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кызмат адамдары атайын даярдоодон, ошондой эле кара күчтү, атайын каражаттарды жана ок атма куралды колдонуу менен байланышкан шарттардагы аракеттерге өзүнүн жарактуулугу боюнча мезгилдүү текшерүүдөн өтүп туруусу керек.

3. Кара күч, атайын каражаттарды жана ок атма куралды колдонууда Кыргыз Республикасынын бажы органынын кызмат адамы төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) кара күчтү, атайын каражаттарды жана куралды колдонууну кечиктирүү анын өмүрүнө жана ден соолугуна түздөн-түз коркунуч түзгөн, башка оор кесепеттерге алып келген учурлардан, кокустан же куралдуу кол салууда, согуштук техниканы жана транспорт каражаттарын колдонуу менен кол салууда же түзүлгөн кырдаалда мындай эскертүү орунсуз же мүмкүн эмес болгон учурларды кошпогондо, өзүнүн талаптарын аткаруу үчүн жетиштүү убакыт берүү менен аларды колдонуу ниети жөнүндө эскертүүгө;

2) денесинен жараат алган адамдарга дарыгерге чейинки жардам берүүнү камсыздоого жана болгон окуя жөнүндө Кыргыз Республикасынын бажы органынын башчысына же аны алмаштырган адамга кабарлоого;

3) укук бузуунун жана аны жасаган адамдын мүнөзүнө жана коркунуч даражасына, ошондой эле көрсөтүлгөн каршылыктын күчүнө жараша коркунучту жок кылууда келтирилген кандай гана болбосун зыяндын минималдуу болушуна умтулууга.

4. Кыргыз Республикасынын бажы органынын начальниги же аны алмаштыруучу адам бардык өлүм учурлары же денеге оор зыян келтирүүлөр жөнүндө прокурорго тезинен кабарлоого милдеттүү.

5. Ыйгарым укуктарынан ашкере пайдаланып кара күчтү, атайын каражаттарды жана ок атма куралды колдонуу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен белгиленген жоопкерчиликке алып келет.

---

Мурунку берене: [269-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-269)  
Кийинки берене: [271-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-271)
