# 27-берене. Бажы ишинин чөйрөсүндө иш-аракет жүргүзүүчү жактардын реестри

- Документ: [Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 31-декабрындагы № 184 "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 184
- Кабыл алынган күнү: 31.12.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.04.2019
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 апреля 2019 года № 52 "О таможенном регулировании"](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 6 июня 2017 года № 99 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О таможенном регулировании в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/111610)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/205436#diff=947645..947646>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-27>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5188/edition/947645/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205436/st-27.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.04.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 27-берене (24.04.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-27

---

1. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бажы ишинин чөйрөсүндө иш-аракет жүргүзүүчү жактардын реестрин түзөт жана алып барат.

2. Бажы ишинин чөйрөсүндө иш-аракет жүргүзүүчү жактардын реестринде камтылган маалымат таанышуу үчүн ачык болот жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Интернет-ресурсунда жайгаштырылат. Бажы ишинин чөйрөсүндө иш-аракет жүргүзүүчү жактардын реестринде камтылган маалыматты мезгил-мезгили менен жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялоого жол берилет.

3. Бажы ишинин чөйрөсүндө иш-аракет жүргүзүүчү жактардын реестри өзүндө төмөнкүдөй маалыматтарды камтыйт:

1) бажы ишинин чөйрөсүндө иш-аракет жүргүзүүчү жактардын реестрине киргизүү жөнүндө күбөлүктүн номери жана датасы;

2) бажы ишинин чөйрөсүндө иш-аракет жүргүзүүчү жактардын реестрине киргизүү жөнүндө жокко чыгарылган күбөлүктөр жөнүндө;

3) бажы ишинин чөйрөсүндө иш-аракет жүргүзүүчү жактардын реестрине киргизүү жөнүндө мурун берилген күбөлүктөрдүн колдонулушун токтото турулушу жөнүндө;

4) бажы ишинин чөйрөсүндө иш-аракет жүргүзүүчү жактардын реестрине киргизилген жактардын юридикалык дареги;

5) убактылуу сактоочу кампалардын, бажы кампаларынын, алымсыз соода-сатык дүкөндөрүнүн жана ыйгарым укуктуу экономикалык операторлордун кампалары жайгашкан жерлер жөнүндө;

6) бажылык өкүлдүн өзүнчөлөнгөн структуралык бөлүктөрүнүн тизмеги жана жайгашкан жерлери жөнүндө;

7) бажылык өкүлдүн штатындагы бажы операциялары боюнча адистер жөнүндө;

8) ыйгарым укуктуу экономикалык операторлор үчүн атайын жөнөкөйлөтүштөрдү берүү жөнүндө;

9) атайын жөнөкөйлөтүштөрдү колдонуу менен бажы операциялары жүргүзүлө турган Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын аталыштары;

10) бажы алымдарын, салыктарды төлөөнү камсыз кылуунун ыкмалары жөнүндө;

11) бажы алымдарын, салыктарды төлөөнү камсыз кылууну ырастоочу документтин номери жана датасы;

12) транспорттун түрлөрү жөнүндө;

13) кошумча маалыматтар.

4. Реестрге өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн жол-жобосу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тийиштүү чечимди кабыл алган күндөн тартып он беш жумуш күндөн ашпоого тийиш.

(КР 2017-жылдын 6-июнундагы № 99 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [26-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-26)  
Кийинки берене: [28-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-28)
