# 269-берене. Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын мамлекеттик органдар, уюмдар менен өз ара аракеттешүүсү жана кызматташуусу

- Документ: [Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Документтеги орду: 50-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 31-декабрындагы № 184 "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 184
- Кабыл алынган күнү: 31.12.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.04.2019
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 апреля 2019 года № 52 "О таможенном регулировании"](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-269>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5188/edition/947645/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205436/st-269.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.04.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 269-берене (24.04.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-269

---

1. Кыргыз Республикасынын бажы органдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка мамлекеттик органдардын компетенциясына киргизилген укук бузуулардын белгилери табылганда бажы органдары бул жөнүндө маалыматты тийиштүү мамлекеттик органдарга токтоосуз берүүгө милдеттүү.

2. Кыргыз Республикасынын бажы органдары Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин, ошондой эле чет мамлекеттердин бажы органдары менен макулдашуулардын негизинде чет мамлекеттердин бажы органдары менен өз ара аракеттешет.

---

Мурунку берене: [268-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-268)  
Кийинки берене: [270-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-270)
