# 263-берене. Жерине барып бажы текшерүүсүн жүргүзүүдө товарларга камак салуунун, товарларды жана документтерди алып коюу тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Документтеги орду: 49-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 31-декабрындагы № 184 "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 184
- Кабыл алынган күнү: 31.12.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.04.2019
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 апреля 2019 года № 52 "О таможенном регулировании"](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-263>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5188/edition/947645/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205436/st-263.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.04.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 263-берене (24.04.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-263

---

1. Товарларга камак салуу жана товарларды алып коюу Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 134-беренесинин 1-пунктунун 11-пунктунда каралган максаттарда жүргүзүлөт.

2. Товарларга камак салуу үчүн негиз болуп төмөнкүлөр эсептелет:

1) эгерде атайын маркалар, идентификациялык белгилер, товарларды белгилемелер Бажы бирлигинин бажы мыйзамдарына же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын аймагына алып келинүүчү товарларга коюла турган болсо, атайын маркалары, идентификациялык белгилери же товарларды башка ыкмалар менен белгилемелер жок болгон товарлар табылганда, же жасалма белгилери бар маркалар же идентификациялык каражаттар коюлган товарлар табылганда;

2) эгерде Бажы бирлигинин бажы мыйзамдарына же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык маалыматтарды коммерциялык документтерде көрсөтүү Кыргыз Республикасынын аймагында товарларды жүгүртүүдө милдеттүү болсо, текшерилүүчү жактын коммерциялык документтеринде бажылык декларациялоо жана (же) товарларды чыгаруу фактыларын тастыктаган маалыматтар жок болгондо, ошондой эле мындай маалыматтардын анык эместиги же мындай маалыматтар көрсөтүлүшү керек болгон коммерциялык документтердин жок экендиги табылганда, эгерде мындай маалыматтардын бар болуусу Бажы бирлигинин бажы мыйзамдарына же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык милдеттүү болсо;

3) текшерилүүчү товарлар шарттуу чыгарылган болуп эсептелгендиги табылганда жана ушул товарларды пайдалануу жана (же) ээлик кылуу боюнча чектөөлөрдү бузуу менен, алып келүүдөгү бажы алымдарын, салыктарын төлөө боюнча жеңилдиктерди берүү шарттарына ылайык келген максаттарды бузуу менен пайдаланылып жаткандыгын тастыктаган белгилер табылганда;

4) текшерилүүчү товарларга карата бажы алымдарын жана салыктарын төлөө боюнча жеңилдиктерди берүү шарттарынын жана (же) тартибинин сакталбагандыгын тастыктаган белгилер табылганда;

5) текшерилүүчү товарлар бажылык жол-жобонун шарттарын жана талаптарын бузуу менен колдонулуп жаткандыгын тастыктаган белгилер табылганда.

3. Товарларга камак салуу товарларга ээлик кылууга жана колдонууга тыюу салуу дегенди түшүндүрөт. Камак салынган товарлар алардын ээсине же мындай товарларга карата ыйгарым укуктарга ээ болгон башка жакка сактоого берилет. Камакка алынган мындай товарларды колдонууга товарларды камакка алуу жөнүндө чечим кабыл алган кызмат адамдары же сот органдары тарабынан уруксат берилиши мүмкүн. Камак салынган товарларды башка жактарга берүүгө, аларды ээликтен ажыратууга же башка ыкмалар менен аларга ээлик кылууга жол берилбейт.

4. Текшерилүүчү товарлар Бажы бирлигинин бажы аймагына алып кирүүгө же Кыргыз Республикасынын аймагында жүгүртүүгө тыюу салынгандыгынын белгилери табылганда, ошондой эле товарларга камак салуу алардын сакталышын камсыздоо үчүн жетиштүү чара боло албайт деп эсептөөгө жетиштүү негиздер болгондо товарлар алынып коюлат. Алынып коюлган товарлар ушул Мыйзамдын 69-беренесине ылайык убактылуу сактоого кампаларга же Бажы бирлигинин Бажы кодексиндеги 21-главада белгиленген эрежелер боюнча башка жерлерге жайгаштырылат.

5. Эгерде бажы текшерүүсүн жүргүзүү үчүн текшерилүүчү жактын документтеринин көчүрмөлөрү жетишсиз жана жерине барып бажы бажы текшерүүсүн жүргүзүүчү кызмат адамдарында документтердин түп нускалары жок кылынган, кыскартылган, оңдолгон же алмаштырылган деп эсептөөгө жетиштүү негиздер болгон учурларда текшерүүнү жүргүзүүчү кызмат адамы документтердин түп нускасын алып коюуга укуктуу. Документтердин түп нускасын алып коюуда документтердин түп нускасын алып коюу жөнүндө эки нускада акт түзүлөт. Бул актынын экинчи нускасы алып коюлган документтердин көчүрмөлөрүн тиркөө менен алар алынган адамга тапшырылат. Документтин көчүрмөсүндө документтин түп нускасын алуу жөнүндө актынын номери жана датасы көрсөтүлөт жана аны алып койгон кызмат адамынын колу коюлат.

6. Товарларды, документтерди алып коюу жана товарларга камак салуу Кыргыз Республикасынын администрациялык жана кылмыш-жазалык жоопкерчилик жөнүндө мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.

7. Жерине барып бажы текшерүүсүн жүргүзүү бүткөндөн кийин эки ай ичинде талап кылынбаган алынып коюлган товарлар соттун чечиминин негизинде мамлекеттин менчигине алынат.

---

Мурунку берене: [262-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-262)  
Кийинки берене: [264-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-264)
