# 262-берене. Жерине барып бажылык текшерүүнү жүргүзүү үчүн текшерилүүчү жактын объектисине бажы органынын кызмат адамдарынын кирүүсү

- Документ: [Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Документтеги орду: 49-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 31-декабрындагы № 184 "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 184
- Кабыл алынган күнү: 31.12.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.04.2019
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 апреля 2019 года № 52 "О таможенном регулировании"](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-262>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5188/edition/947645/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205436/st-262.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.04.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 262-берене (24.04.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-262

---

1. Текшерилүүчү жак Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 133-беренесинин 3-пунктунда белгиленген учурларда бажы органдарынын кызмат адамдарына анын объектисине кирүүсүнөн баш тартышы мүмкүн. Текшерилүүчү жак бажы органынын жерине барып бажы текшерүүсүн жүргүзгөн кызмат адамдарынын текшерүүчү жактын объектисине кирүүсүнөн негизсиз баш тартканда эки калыс-күбөнүн катышуусунда акт түзүлөт.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн актыга жерине барып бажы текшерүүсүн жүргүзгөн кызмат адамдары, текшерилүүчү жак же анын өкүлү, ошондой эле калыс-күбөлөр кол коет. Бул актынын көчүрмөсү текшерилүүчү адамга же анын өкүлүнө тапшырылат.

3. Текшерилүүчү жак же анын өкүлү ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн актыга кол коюудан баш тарткан учурда жерине барып текшерүүсүн жүргүзгөн жак аталган актыга бул жөнүндө тийиштүү жазууларды жазат. Текшерилүүчү жак актыга кол коюудан баш тартуу себебин жазуу түрүндө түшүндүрүүгө укуктуу.

---

Мурунку берене: [261-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-261)  
Кийинки берене: [263-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-263)
