# 26-берене. Бажы ишинин чөйрөсүндө иш-аракет жүргүзүүчү жактардын реестрине киргизүү жөнүндө чечимди кайра тариздөө

- Документ: [Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 31-декабрындагы № 184 "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 184
- Кабыл алынган күнү: 31.12.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.04.2019
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 апреля 2019 года № 52 "О таможенном регулировании"](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-26>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5188/edition/947645/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205436/st-26.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.04.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 26-берене (24.04.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-26

---

1. Жактын аталышын анын уюштуруучулук-укуктук формасын же жайгашкан жерин өзгөртүүгө алып келбегендей өзгөрткөндө же болбосо ушул Мыйзамдын 21-беренесинин 2-бөлүгүнүн 4-пунктунда көрсөтүлгөн документтердеги маалыматтарды өзгөрткөндө бажы ишинин чөйрөсүндө иш-аракет жүргүзүүчү жак бажы ишинин чөйрөсүндө иш-аракет жүргүзүүчү жактардын реестрине киргизүү жөнүндөгү чечимди кайра кароо жөнүндө арызды, аталган маалыматтарды ырастоочу тийиштүү документтерди тиркөө менен берүүгө тийиш.

Чечимди кайра тариздөө жөнүндө арызды арыз берүүчү кайра тариздөө үчүн негиз болуп эсептелген жагдайлар пайда болгон учурдан тартып беш күндүн ичинде берет.

2. Чечимди кайра тариздөөдө ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бажы ишинин чөйрөсүндө иш-аракет жүргүзүүчү жактардын реестрине тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизет. Мында мурун чыгарылган чечим жана берилген күбөлүк жокко чыгарылат. Жаңы кабыл алынган күбөлүккө реестрдин жаңы каттоо номери берилет жана берилген датасы көрсөтүлөт.

Күбөлүктү алганга чейин, кайра тариздөө мезгилинде, бажы ишинин чөйрөсүндө иш-аракет жүргүзүүчү жак мурун кабыл алынган чечимдин жана күбөлүктүн белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүнүн негизинде иш-аракетин жүргүзөт. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан чечимди кайра тариздөө бажы ишинин чөйрөсүндө иш-аракет жүргүзүүчү жак тийиштүү арызды жана документтерди берген күндөн тартып он беш жумуш күндүн ичинде жүргүзүлөт.

3. Бажы ишинин чөйрөсүндө иш-аракет жүргүзүүчү жактан чечимди ушул беренеде каралбаган башка негиздер боюнча кайра тариздөөнү талап кылууга тыюу салынат.

---

Мурунку берене: [25-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-25)  
Кийинки берене: [27-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-27)
