# 251-берене. Кыргыз Республикасынын аймагына мыйзамсыз киргизилген товарларды, же бажы жол-жоболорун колдонуунун шарттары, товарларды пайдалануу жана/же тескөө боюнча чектөөлөр бузулган товарларды тапкан бажы органдарынын кошумча ыйгарым укуктары

- Документ: [Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Документтеги орду: 48-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 31-декабрындагы № 184 "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 184
- Кабыл алынган күнү: 31.12.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.04.2019
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 апреля 2019 года № 52 "О таможенном регулировании"](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-251>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5188/edition/947645/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205436/st-251.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.04.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 251-берене (24.04.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-251

---

1. Бажы органдары тарабынан бажы контролунун алкагында, Бажы бирлигинин бажы аймагында товарларды ишкерликти жүргүзүүгө байланыштуу сатып алган жактарда Кыргыз Республикасынын аймагына мыйзамсыз киргизилген товарлар, же бажы жол-жоболорун колдонуунун шарттары бузулган товарлар табылганда, алып келүүдөгү бажы алымдарын, салыктарын төлөө боюнча жеңилдиктер берилген жана товарларды пайдалануу жана/же тескөө боюнча чектөөлөр бузулган жана мунун натыйжасында бажы алымдары жана салыктар төлөнбөгөн товарлар табылганда, эгерде мындай товарлар Кыргыз Республикасынын администрациялык жоопкерчилик жана кылмыш-жаза процесстик мыйзамдарына ылайык алынып коюлбаса же аларга камак салынбаса, алар бажы органдары тарабынан алып коюуга жатат.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүнө ылайык товарларды алып коюу бажы органынын администрациялык укук бузуу жөнүндө иш же козголгон кылмыш-жазалык иш боюнча, мындай товар табылган жактын же анын өкүлүнүн катышуусу менен түзүлгөн токтомдун негизинде жүргүзүлөт.

3. Ушул берененин 1-бөлүгүнө ылайык алып коюлган товарлар ушул Мыйзамдын 69-беренесине ылайык убактылуу сактоочу кампаларга же Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 21-главасында белгиленген эрежелер боюнча башка жайларга жайгаштырылат.

4. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жактар Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 81-беренесине, ушул Мыйзамдын 182-беренесине ылайык бажы алымдарын, салыктарын төлөөгө, чектөөлөрдүн сакталышын ырастоочу документтерди берүүгө жана товарларды декларациялоону жүргүзүүгө укуктуу. Бажы төлөмдөрүнүн көрсөтүлгөн суммаларына туумдар чегерилбейт. Эгерде мындай жактар бажы төлөмдөрүн алардан ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн товар табылган күндөн тартып беш күндөн кечиктирбей төлөсө, мындай товарлар аларга карата чектөөлөрдү сактоо боюнча талаптар аткарылган шартта алып коюлбайт.

5. Ушул берененин 1-бөлүгүнө ылайык алып коюлган товарлар, Кыргыз Республикасынын администрациялык жоопкерчилик жөнүндөгү мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, ушул берененин 4-бөлүгүндө белгиленген талаптарды аткарган жакка ушул берененин 3-бөлүгүндө белгиленген алып коюлган товарларды сактоо мөөнөтү аяктаганча кайтарылып берилет. Мында үч нускада акт түзүлөт, ага товарды алып коюуну жүргүзгөн бажы органынын кызмат адамдары, алып коюлган товар кайтарылган жак же анын өкүлү, ошондой эле алып коюлган товарды сактаган жак же анын өкүлү кол коет. Аталган актынын экинчи нускасы - алып коюлган товар кайтарылган жакка же анын өкүлүнө, үчүнчү нускасы - алып коюлган товарды сактаган жакка же анын өкүлүнө берилет.

6. Ушул берененин 4-бөлүгүндө белгиленген талаптар ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жактар тарабынан аткарылганда товарлар бажы максаттарында бажы контролунда турган деген статусун жоготкон товарлар катары каралат, бул бажы органына же башка мамлекеттик органдарга Кыргыз Республикасынын аймагына мыйзамсыз товар алып кирүүгө катышкан жактарды табуу боюнча зарыл иш-аракеттерди көрүүгө тоскоолдук кылбайт.

7. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн товарларды алган жактар ушул берененин 4-бөлүгүндө белгиленген талаптарды аткаруудан баш тартса, сактоо мөөнөтү бүткөнчө мындай товарларды тескөө ушул Мыйзамдын 283-беренесине ылайык жүргүзүлөт.

8. Ушул берененин 4 жана 5-бөлүктөрүндө белгиленген жоболор Кыргыз Республикасынын аймагына киргизүүгө тыюу салынган товарларга, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүгүртүүгө тыюу салынган товарларга, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан тизмеги бекитиле турган товарларга, ошондой эле Бажы бирлигине мүчө мамлекеттердин эл аралык келишимдерине же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алып келүүдө сандык чектөөлөр коюлган товарларга жайылтылбайт. Аталган товарлар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган учурларда жана тартипте, Кыргыз Республикасынын аймагына мындай товарларды мыйзамсыз алып келгени такталган жактардын жана мындай товарларды алып коюлган жактардын эсебинен, эгерде аталган жактар Кыргыз Республикасынын аймагына мындай товарларды алып келүү мыйзамсыз экени жөнүндө билсе же билүүгө тийиш болсо, же башка учурларда мамлекеттик бюджеттин эсебинен жок кылынат.

---

Мурунку берене: [250-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-250)  
Кийинки берене: [252-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-252)
