# 250-берене. Бажы текшерүүсүн жүргүзүү үчүн зарыл болгон документтерди жана маалыматтарды банктар тарабынан берүү

- Документ: [Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Документтеги орду: 48-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 31-декабрындагы № 184 "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 184
- Кабыл алынган күнү: 31.12.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.04.2019
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 апреля 2019 года № 52 "О таможенном регулировании"](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-250>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5188/edition/947645/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205436/st-250.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.04.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 250-берене (24.04.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-250

---

1. Бажы текшерүүсүн жүргүзүүчү бажы органы текшерилүүчү юридикалык жана жеке жактардын ишине тийиштүү документтери жана маалыматтары бар банктардан Кыргыз Республикасынын банктар жана банк иши жөнүндө мыйзамдарына ылайык маалымат суроого укуктуу. Документтерди жана маалыматтарды берүү жөнүндө жүйөлөнгөн сурамды алган банк аны алган күндөн тартып он күндүн ичинде аткарат же суралган документтер жана маалыматтар жок экенин ошол эле мөөнөттө билдирет.

2. Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача каралбаса, банктар тарабынан бажы органдарына берилүүчү документтердин көчүрмөлөрүн нотариалдык ырастоону талап кылууга жол берилбейт.

3. Бажы органы тарабынан банкка жөнөтүлгөн сурамдын формасы жана жөнөтүүнүн тартиби, ошондой эле банктар тарабынан бажы органдарынын сурамы боюнча берилүүчү документтерди жана маалыматтарды берүүнүн формасы жана тартиби Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен макулдашуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленет.

---

Мурунку берене: [249-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-249)  
Кийинки берене: [251-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-251)
