# 249-берене. Бажы контролу үчүн зарыл болгон документтерди жана маалыматтарды берүү

- Документ: [Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Документтеги орду: 48-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 31-декабрындагы № 184 "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 184
- Кабыл алынган күнү: 31.12.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.04.2019
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 апреля 2019 года № 52 "О таможенном регулировании"](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-249>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5188/edition/947645/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205436/st-249.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.04.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 249-берене (24.04.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-249

---

1. Декларант, бажы ишинин чөйрөсүндөгү иш-аракет жүргүзүүчү жактар жана башка кызыкдар жактар Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 98-беренесине ылайык бажы органдарына бажы контролу үчүн зарыл болгон документтерди жана маалыматтарды берүүгө милдеттүү.

2. Бажы органдары юридикалык жактарды мамлекеттик каттоону жүргүзгөн органдардан жана башка органдардан бажы контролун жүргүзүү үчүн зарыл болгон маалыматтарды алууга укуктуу. Маалымат алмашуу тартиби ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аталган маалыматтар карамагында болгон мамлекеттик орган менен бирдикте аныкталат.

3. Бажы органы бажы контролу үчүн зарыл болгон документтерди жана маалыматтарды жазуу жүзүндө жана (же) электрондук түрүндө сурап алат.

Документтерди жана маалыматтарды берүү талабы жөнөтүлгөн жак аларды бажы органына токтоосуз, ал эми аларды даярдоо же башка жактардан алуу зарылчылыгы болгон учурда - беш күндөн кечиктирбестен жөнөтүүгө же берүүгө милдеттүү. Жактын жүйөлөнгөн кайрылуусу боюнча, көрсөтүлгөн мөөнөт бажы органы тарабынан документтерди жана маалыматтарды берүү үчүн зарыл болгон убакытка узартылат.

4. Бажы контролу үчүн зарыл болгон документтерди декларант жана башка кызыкдар жактар, ошондой эле бажы органдары товарлар бажы контролунда турган деген статусун жоготкон жылдан кийин кеминде үч календардык жыл бою сактоого тийиш. Ыйгарым укуктуу экономикалык операторлор, бажылык өкүлдөр, убактылуу сактоочу кампалардын ээлери, алымсыз соода дүкөндөрүнүн ээлери, бажы кампаларынын ээлери жана бажылык ташуучулар аталган документтерди бажылык жол-жобо жүргүзүлгөн жылдан кийин беш календардык жыл бою сактоого тийиш.

---

Мурунку берене: [248-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-248)  
Кийинки берене: [250-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-250)
