# 248-берене. Бажы контролун жүргүзүүдө көмөк көрсөтүү үчүн башка мамлекеттик органдардын адистерин ишке тартуу

- Документ: [Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Документтеги орду: 48-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 31-декабрындагы № 184 "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 184
- Кабыл алынган күнү: 31.12.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.04.2019
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 апреля 2019 года № 52 "О таможенном регулировании"](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-248>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5188/edition/947645/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205436/st-248.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.04.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 248-берене (24.04.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-248

---

1. Бажы органдары бажы контролун жүргүзүүдө көмөк көрсөтүү үчүн башка укук коргоо же контролдоочу органдардан адистерди ишке тартууга укуктуу.

Бажы контролун жүргүзүүдө көмөк көрсөтүү үчүн башка укук коргоо же контролдоочу органдардан адистерди ишке тартуу Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларында, ошондой эле ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана тийиштүү укук коргоо жана контролдоочу органдардын биргелешкен актыларында аныкталган тартипте ишке ашырылат.

2. Башка мамлекеттик органдардын адистерин ишке тартууга байланышкан сарптоолор, эгер бул иш алардын кызматтык милдеттерине кирбесе, бажы органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте төлөнөт.

---

Мурунку берене: [247-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-247)  
Кийинки берене: [249-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-249)
