# 247-берене. Бажы контролун ишке ашыруунун мөөнөттөрү

- Документ: [Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Документтеги орду: 48-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 31-декабрындагы № 184 "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 184
- Кабыл алынган күнү: 31.12.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.04.2019
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 апреля 2019 года № 52 "О таможенном регулировании"](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-247>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5188/edition/947645/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205436/st-247.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.04.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 247-берене (24.04.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-247

---

1. Бажы бирлигинин бажы мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын бажы ишинин чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын жоболорунун сакталышын шарттуу чыгарылган товарларга, ошондой эле кайра алып келүү милдеттенмеси менен болбосо бажы аймагынан сырткары кайра иштетүүнүн бажылык жол-жобосуна ылайык Кыргыз Республикасынын аймагынан алынып кетилген товарларга карата текшерүүгө жүргүзүүгө товарлар бажы контролунда турган убакыттын ичинде же убактылуу алып кетүүнүн бажы аймагынан сырткары кайра иштетүүнүн бажылык жол-жоболорунун аракети аяктаганга чейин жол берилет.

2. Бажы органдары товарларды чыгаргандан кийин товарлардын бажы контролунда турган мөөнөтү аяктаган учурдан тартып үч жылдын ичинде бажы контролун жүргүзөт.

---

Мурунку берене: [246-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-246)  
Кийинки берене: [248-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-248)
