# 246-берене. Бажы контролунун аймактары

- Документ: [Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Документтеги орду: 48-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 31-декабрындагы № 184 "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 184
- Кабыл алынган күнү: 31.12.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.04.2019
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 апреля 2019 года № 52 "О таможенном регулировании"](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-246>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5188/edition/947645/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205436/st-246.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.04.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 246-берене (24.04.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-246

---

1. Бажы бирлигинин Бажы кодексине жана ушул Мыйзамга ылайык бажы операцияларын жана бажы контролун жүргүзүүгө байланышкан чараларды ишке ашыруу максатында туруктуу же убактылуу болушу мүмкүн болгон бажы көзөмөлүнүн аймактары түзүлөт.

2. Бажы контролунун туруктуу аймактары Кыргыз Республикасынын чек арасын бойлото, Кыргыз Республикасынын чек арасы аркылуу өткөрмө пункттарда, бажы органдарына тиешелүү жайларда жана аймактарда, убактылуу сактоочу кампалардын, бажы кампаларынын, алымсыз соода дүкөндөрүнүн аймактарында түзүлөт.

Бажы контролунун убактылуу аймактары ушул бөлүктө каралбаган башка жерлерде түзүлөт. Бажы контролу аймактарын түзүүнүн жана белгилөөнүн тартиби, ошондой эле бажы контролу аймагынын укуктук режими Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

3. Өндүрүштүк жана башка коммерциялык ишмердикти жүргүзүү, товарларды, транспорттук каражаттарды, жактарды, анын ичинен башка мамлекеттик органдардын кызматтык жактарын бажы контролунун аймактарынын чек арасы аркылуу жана алардын чегинде алып өтүүгө бажы органдарынын уруксаты жана алардын көзөмөлүндө, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте жол берилет.

4. Ушул берененин жоболору ушул Мыйзамдын 234-беренесине ылайык ыйгарым укуктуу оператордун товарларды орун-жайларда, ачык аянттарда жана башка аймактарда убактылуу сактоосуна карата колдонулбайт.

---

Мурунку берене: [245-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-245)  
Кийинки берене: [247-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-247)
